super.kg logo
  Спорт  

Ильзат Ахметов Орусия курамасында алгачкы дебютун жасады

 

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын улуттук курамында алгачкы оюнун өткөрдү. 21-мартта команданын негизги курамы менен Ахметов Евро-2020 турниринин тандоо этабында Бельгиянын курамасына каршы ойноду.

Бельгиялыктарга каршы оюнда курамда 2 футболчу дебют жасаган. Алардын бири Ильзат Ахметов болсо, экинчиси Фёдор Чалов. Алар тууралуу Орусиянын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов төмөнкүдөй пикирин айтканын РИА Новости басылмасы жазды.

"Биз Ильзат кандай ойноорун билебиз. Ал ЦСКАда кандай позицияда ойносо, курамда деле ошол позицияда ойноду. Сапаттуу оюн өткөрдү, бирок клубда ойногондой кызуу өткөрүп берүүлөр аз болду. Чалов экөөнү дебюту менен куттуктадым. Кайсы бир учурларды эске албаганда мен анын көрсөткөн оюнуна канааттандым", - дейт башкы машыктыруучу.

Аталган беттеш 21-мартта Брюсселде орун алды. Оюн 3:1 эсеби менен үй ээлеринин пайдасына аяктады. Бул күнү 2020-жылы өтө турган Европа Чемпиондугунун алгачкы квалификациялык оюндары орун алды.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы "ЦСКА" клубуна келип, азыркы учурда негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти. Ал жакында эле Орусиянын улуттук курамына чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
22.03.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаман экенсинер бизге тиешеси жок каяктагы эле жанылыкты чыгарып. Он дебют жасабайбы
22.03.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Mamiev,кечиресин +басам деп - басылып калды созуно кошулам тура айлын +100
22.03.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ
Ильзатты Кыргызстандын курамасынан куткон болчуум.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-22 17:19:25
22.03.2019. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Буга караганда Землянухин, Кичин, Люкстар эркек экен кетсе Россияга ошолор кетип калышмак.
22.03.2019. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ильзаттын катасынан Россияга гол кирди молодец
22.03.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
казак туугандарда жакшы ойун корсотту,
алдыдагы ойундарга ийгилик
22.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илзаттын улуту ким билгендер айтып койгулачы уйгурбу өзбекби ким?
Кыргызстанга келбесин эми, менда аны биздин улуттук курамдан күттүм эле
22.03.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
interpol,Уйгур
22.03.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ичи тардык, көрө албастык кылгандын ордуна сыймыктанбайсыңарбы, мен орустарга мактанам менин жердешим деп.
22.03.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен деле Россиядамын бирок мындайларды Кыргызстанда туулган деп айткандан уялам.
bekmaral түзөттү 2019-03-22 20:11:55
22.03.2019. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бору баласы ит болбойт
23.03.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир убактар отуп ойуну журушпой калганда келет Кыргызстанга. Бирок анда кеч болот Супер.кж эми ушул бойунча жазбай эле койгулачы сураныч элдин кыжырына тийбей.бизге тийешеси жок адамдын эне кереги бар? Бищ Кыргыз деп куйгон адамдар менен сыймыктанабыз
23.03.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бору баласы ит болбойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: