super.kg logo

ИИМ: "Мурда эки жолу соттолгон жаран унаа уурдап, аны сатып жибергенге да жетишкен"

 

Бишкекте мурда соттолгон адам унаа уурдап кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине шаардын жашоочусу 2003-жылы чыккан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап качканы тууралуу арызы менен кайрылган.

"Арызда белгисиз жаран үйдүн жанында турган унааны түн ичинде айдап кеткен. Ленин РИИБинин иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары мурда зордуктоо жана баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар менен эки жолу соттолгон Нарын облусунун жашоочусун кармашкан. Ал унааны башка адамга 4 жарым миң долларга сатып жибергенге жетишкен. 30 жаштагы шектүү Р.А. аз убакыт ичинде ортомчулардын жана сатып алуучулардын жардамы менен жасалма документ жасап унааны сатып жибергени боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.03.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыксыңар суперчилер көзүн жаппай эле койбойсуңарбы урук тууган дос душмандары көрүшсүнда ошондо балким башкаларга сабак болмок
эл эмне дейт деп анын үстүнө үчүнчү жолу кылмышка барып атса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: