super.kg logo

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны 640 адамга жетти, 47 адам каза болду

 

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны 640 адамга жетти, 47 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазууну улантууда.

"Кытайдын күн чыгыш тарабында жайгашкан Яньчэн шаарындагы химиялык заводдогу бүгүн орун алган жарылуудан каза болгондордун саны 47 адамга жетти. 90 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Кооптуу аймактан 4 миңге жакын адам эвакуацияланды. Жакынкы аймактагы мектеп жана бала бакчаларда иш токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин белгилүү болгондой, өрттү өчүрүүгө 192 өрт өчүрүүчү унаа жана жакынкы шаарлардан 930 аскер кызматкери чыккан. Башта жарылуудан 44 адам каза болгону айтылган. Жарылуу катуу болгондуктан өлкөнүн сейсмологиялык башкармалыгы билдиргендей, заводдун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
22.03.2019. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин Үзөңгү-Куушту кайтарып бербесе мындай окуя күнүгө болот Кытайда, ата бабабыздын каны жаны жаткан жерди биздин жеп жутарларга акча берип алдап алгансыңар эми силерге буйрубайт кырсык басып турат ошентип таба эмес тобоо дегиле бүтүн кытай жарылып кетпегенине
22.03.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайдын чети оюлбайт го чиркин. Алар суйунуп аткан болуш керек кичине азайдык деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: