super.kg logo

Ырчы Азалия "Miss Eco International" сулуулук сынагынын этаптарынын биринде 15 мыкты катышуучунун катарына кирди

 

"Кыз-бурак" тобунун экс-солисти, ырчы Азалия Египетте өтүп жаткан "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышууда. Ал аталган сынактын "Таланттар шоусу" этабына катышып, анда ТОП 15ке кирди. Тактап айтканда таланттуу катышуучулар тандалган 15 кыздын катарын толуктады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

"Miss Eco International" сынагы 11-мартта Египетте старт алган, ал 30-мартка чейин уланмакчы. Аталган конкурста бир нече этап бар. 23-мартта сынактын алкагындагы этаптардын бири "Таланттар шоусу" деген сынагына катышып, 15 таланттуу сулуунун катарын толуктадым. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Сынакка катышып жаткандардын баары эле бийлегенди жана ырдаганды билишет да деген ойдо жыйынтыкка анча үмүттөнбөй эле отургам. 15 мыкты аткаруучунун тизмесин окуп, бизди сахнага чакырып жатканда Кыргыз өлкөсү деген аталышты угуп турсам деле ишенбей, чыкпай отура бериптирмин. Качан гана кайра кайталап чакырганда сүйүнүп, ишендим. 67 мамлекеттин таланттары катышып жаткан сынакта 15 таланттуунун катарына киргениме кубанып жатам. Мага ишенген бардык күйөрмандарыма рахмат, бул жеңиш сиздер үчүн!" - деди ырчы Азалия. Ал "Таланттар шоусу" этабында легендарлуу "Кино" тобунун "Кукушка" аттуу ырын орус ырчысы Полина Гагаринанын стилинде аткарган. Ырды жандуу үн менен аткардым деп кошумчалады ырчы.

Маалымат үчүн "Miss Eco International" сынагына таланттуу сулуулар катышат. Ага 70тей өлкөнүн сулуу жана көп кырдуу талантка ээ кыздары катыша алат. Сынак "Мыкты улуттук костюм", "Кум жээк модасы", "Мыкты эко-костюм", "Мисс фитнес" сыяктуу этаптар менен өтөт. Катышуучулардын баары аягына чейин бул этаптардан өтүп, ар бир этапта мыкты делген кыздар тандалышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.03.2019. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журок тушот го
26.03.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда сулуулар көп эле го. Иши кылса акчасы бар кетсе керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: