super.kg logo

ТЕСТ: Тимати бургерди эмнеге кол кап менен жейт? Шилекей агызган тесттен өтүңүз

 

Дүйнөдө фаст-фуд тамактары өтө популярдуу. Буга үч негизги себеп бар: алар даамдуу, тоюмдуу жана тез жасалат. Мезгил өткөн сайын кардарлардын талаптарына жараша фаст-фуддун жаңы түрлөрү пайда болууда. Кыргыз өлкөсү бул тенденциядан артта калган жок. Ошондуктан тез жасалуучу тамактар тууралуу тестти сунуштайбыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Сүрөттөгү тамак кандай аталат?

Сүрөттөгү тамак "картошка фри" деп аталат. Аны жасоо үчүн картошканы узун тилке кылып туурап, майга кайнатуу керек.

Кийинки суроо


Суши
Картошка фри
Макарон
Дөнер

Эмне үчүн айрым тез тамактануучу жайларда фаст-фуд менен кол кап берилет?

Бүгүнкү күндө айрым кафелерде жана ресторандарда бир ирет колдонулуучу кол каптар берилет. "Тамактануу учурунда кардардын колу булганбайт жана тамактангандан кийин колу жыттанбайт" деп түшүндүрүлөт. Жарнамалык роликтерде жана сүрөттөрдө бул кол каптардын атайылап көрсөтүлгөнүн да байкаса болот.

Кийинки суроо


Кардар колун булгабашы үчүн
Тамактангандан кийин кардардын колу жыттанбашы үчүн
Жарнама үчүн
Бардык варианттар

Кыргыз Республикасынын кайсы облусунда самсанын эстелиги тургузулган?

Кыргыз Республикасынын тургундары самсаны абдан жактырышат, бирок өлкөнүн аймагында бул тамактын эстелиги жок.

Кийинки суроо


Ош
Талас
Баткен
Өлкөдө андай эстелик жок

Сүрөттөгү түркиялык ашпозчу Нусрет Гөкче дүйнөгө эмнеси менен таанымал?

Белгилүү түркиялык ашпозчу Нусрет Гөкченин лакап аты Солт Бае. Анын ресторанына дүйнөнүн спорт, шоу-бизнес жылдыздары келишет. Солт Бае этти туурап, туздоо ыкмасы менен таанымал.

Кийинки суроо


Узун чачы менен
Этти туздоо ыкмасы менен
Өтө курч бычактары менен
Ал ашпозчу жана футболчу

"Учпучмак" кантип которулат?

Татар элинин улуттук ашканасынын тамагы учпучмак "үч бурчтук" деп которулат. Анын ичине койдун, үйдүн, тооктун же өрдөктүн эти жана картошка кошулат.

Кийинки суроо


Үч бурчтук
Даамдуу
Тооктун эти
Которулбайт

Люля кебабдын өзгөчөлүгү эмнеде?

Люля-кебаб — Кавказда, Орто Азияда жана Түркияда кеңири жайылган шишкебектин түрү. Аны жасоо үчүн фаршты (майда тууралган эт) шампурга жармаштырып, мангалда кактоо керек.

Кийинки суроо


Пияз менен шишкебек
Фарштан жасалат
Тоок эти менен шаурма
Таякка тизилген чучук

"Гиннесстин рекорддор китебинде" катталган эң чоң гамбургердин салмагы канча?

2017-жылы Германиянын Пильстинг шаарында дүйнөдөгү эң чоң гамбургер жасалган. Анын салмагы 1164 килограммды түзгөн, бул тамакты жасоого 300 адам катышкан. Буга чейинки рекорд 914 килограмм болчу.

Кийинки суроо


1164 килограмм
1 тонна
115 килограмм
914 килограмм

Эң биринчи гамбургер кайсы шаарда сатылган?

1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон.

Кийинки суроо


Нью-Йорк, АКШ
Гамбург, Германия
Нью-Хейвен, АКШ
Баткен, Кыргыз Республикасы

Гамбургерге арналган эстелик кайсы өлкөдө коюлган?

Гамбургерге арналган эстелик Кытайдын Шеньян шаарында коюлган. Анын бийиктиги 10 метр, салмагы 2 тоннадан ашык. Кытайлыктар фаст-фудду жактырган калктардын катарына кирет.

Кийинки суроо


АКШ
Кытай
Германия
Казакстан

Бишкекте шаурманын орточо баасы канча?

Бишкекте фаст-фуд жасоочу жайларда шаурманын орточо баасы 90-120 сом, аймактарда 70-90 сом. Дүйнөлүк баалар менен салыштырсак, Кыргыз жергесинде шаурма эң арзан. Кыргыз валютасына которгондо, Түркияда шаурманын баасы 120 сомдон жогору, Орусияда - 120-160 сом, Европа шаарларында 160 сомдон жогору.

Кийинки суроо


90-120 сом
30-60 сом
200-250 сом
250-300 сом

Пиццанын мекени кайсы өлкө?

Пицца Италиянын улуттук тамак-ашы болуп эсептелинет. 16-кылымда Түштүк Америкадан Европага помидорлор алып келине баштап, 1522-жылы Неаполдо эң биринчи италиялык пицца пайда болгон.

Кийинки суроо


АКШ
Франция
Греция
Италия

Чикенбургердин башка фаст-фуддардан айырмасы эмнеде?

Чикенбургер – бул тооктун эти кошулган фаст-фуд. Англис тилинен "Chicken" ("чикен") "тоок", "burger" ("бургер") "май сүйкөлгөн нандын сындырымы" деп которулат.

Кийинки суроо


Тооктун эти кошулат
Булочканын үстүнө күнжүт даны себилет
Чочконун эти кошулат
Диетикалык фаст-фуд

Дүйнөлүк рекорд: 10 мүнөттүн ичинде адам канча хот-дог жей алат?

2018-жылы АКШда хот-догдорду ылдам жеш боюнча сынак өтүп, 34 жаштагы америкалык Жоуи Честнат жеңишке жеткен. Ал 10 мүнөттүн ичинде 74 хот-дог жеп түгөткөн. Азыркыга чейин анын рекордун эч ким баса элек.

Кийинки суроо


12 хот-дог
74 хот-дог
142 хот-дог
56 хот-дог

Франшиза деген эмне?

Франшиза - бул белгилүү соода маркасын (брендди) пайдалануу боюнча анын ээси менен түзүлгөн келишим. Мисалы, фаст-фуд саткан белгилүү компаниялар франшиза сатып, өзүнүн тамактануучу түйүндөрүн көбөйтө алышат. Франшизаны сатып алган адам компаниянын эрежелерин жана технологияларын пайдаланышы керек.

Кийинки суроо


Койдун эти кошулган гамбургер
Үйдүн эти кошулган чизбургер
Эти жок шаурма
Белгилүү брендди пайдаланууга укук

Чизбургерге кандай эт кошулат?

Чизбургер (англисче "Cheese" - сыр, "burger" - май сүйкөлгөн нан) — сыр кошула турган гамбургердин түрү. Эт кайсы жаныбардыкы экени маанилүү эмес. Көп учурда чизбургердин баасы жөнөкөй гамбургерден кымбатыраак болот. Сырдын кошулгандыгынан улам чизбургердин калориялуулугу 20 пайызга көбүрөөк болот.

Кийинки суроо


Чочконун эти
Тооктун эти
"Кызыл китепке" кирген жаныбарлардын эти
Айырмасы жок

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(22)
27.03.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
67
27.03.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен да 67, 5өө туурамес
27.03.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
67 бироону билип туруп катаны басып алдым..
27.03.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Agayu,Адашканын учун минус сага )))
27.03.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80
27.03.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
40
27.03.2019. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"Баткен, Кыргыз Республикасы" дегиле...)
27.03.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жуз 100 балл, Суроолор жонокой жана оной экен.
27.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен учун ото оор болду
27.03.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар оной бат жазалган тамак ойлоп табалы, Мисалы атын Оромбат деп атап, сыртын кадимкидей калама, ичине кой эти койсок болот. Оромбат дуйного тарайт
27.03.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Теманы окуп, логикалык сурообу деп ойлоп кеттим, ачып окуган жокмун.
28.03.2019. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
54 упай топтодум))
28.03.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Фаст фут жеген адам америкадагыдай эле 60/90 болот да шилекей агызбай эле туурана чыгасын го
28.03.2019. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
40
28.03.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
67
28.03.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл 10-чу суроону адашып басып алдым.
28.03.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40
28.03.2019. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27 балл.Кыргызстандын кайсы шаарында самсанын эстелиги орнотулган деген суроого Ошто дегенде кайда эленер
Snejana түзөттү 2019-03-28 19:45:54
05.05.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana,мен дагы Ош деп жооп бердим эле
28.03.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87
14.11.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11туура жооп.4ката.74пайыз.
05.05.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67. Самсанын эстелиги кайсыл жерге тургузулган десе Ош деп жооп берипмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: