super.kg logo

Орусиялык ырчы Дима Билан Эмгек сиңирген артисти наамын алууга балдакчан келди

 

Орусиялык ырчы Дима Билан Эмгек сиңирген артисти наамын алууга балдакчан келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25-мартта ырчы Дима Билан Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Ага наамды Орусиянын маданият министри Владимир Мединский өз колу менен тапшырган. Сыйлык тапшыруу аземи аталган мамлекеттин эң чоң театрында өткөн. Ал балдакчан болсо дагы расмий кеченин стилинде кийинип келген. Бирок андай кийинип келүү ага оорчулук жаратпаганын билдирген.

Дима Билан өзүнүн күйөрмандарына ыраазычылыгын да айтты .

"Менин жан дүйнөмдү, чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Ошондой эле мамлекет мени Эмгек сиңирген артисти деп баалаганы жагымдуу болду", - деди ырчы.

Дима Билан ушул жылдын февраль айында өзүнүн үйүнөн алыс эмес жерден бутун сындырып, оор жаракат алган. Бирок ал оор жаракатына карабай Санкт-Петербургдагы концертин өткөргөнгө да жетишкен.

"Билан дарыгерлердин кароосунан өтүп, бутуна операция жасалган. Ошол себептен чыгармачылыктагы ар кандай даярдыктарын убактылуу токтоткон. Кээ бир учурда майыптар арабасы менен сыртка чыгып жатат. Ырчынын оор абалын билген күйөрмандары кайгыруу менен кабыл алышып, анын ден соолугун сураган билдирүүлөр күнүнө 100дөн ашык келип турат. Дима Билан сахнага качан кайтары азырынча белгисиз. Өзү дагы тезирээк сакайып кетүүсү үчүн аракеттерин көрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.03.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо уу бул качанкы Дима эми алдыбы эмгек синирген наамын. Бизде болгондо Эл артистин качан эле алат эле
26.03.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилерден катуурак ун чыкса эле эмгек синиргенди алат да)).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: