super.kg logo

ТЕСТ: Путин атындагы чоку, анын бою, кыздары... Орусиянын президенти тууралуу тесттен өтүңүз

 

Бүгүн, 28-мартта дүйнөлүк лидерлердин бири, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келди. Көп жылдар бою саясий аренадан түшпөй келе жаткан Путин дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири болуп саналат. Орусиянын президентине арналган тесттен өтүп, аны канчалык жакшы билериңизди текшерип көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Владимир Путиндин тышкы саясатын изилдеген илимдин аталышы кандай?

Владимир Путиндин саясатын, көз караштарын, иштерин жана жеке жашоосун анализдөөдө журналисттер "Путинология" же "Путиноведение" деген түшүнүктөрдү колдонушат. Бирок андай өз алдынча илим жок.

Кийинки суроо


Путинология
Путиноведение
Путин жана аалам
Андай илим жок

Владимир Путин АКШнын канча президенти менен иштешкен?

1999-жылы президент болгон Владимир Путиндин тушунда АКШнын 3 башчысы алмашты. Алар Билл Клинтон (1993-2001-жылдары президент болгон), Жорж Буш (2001-2009-жылдары президент болгон), Барак Обама (2009-2017-жылдары президент болгон. Учурда АКШнын башчысы Дональд Трамп.

Кийинки суроо


4
3
10
2

Владимир Путин орусиялык кайсы оппозиционердин атын атабайт?

Журналисттер Владимир Путинден "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" уюмунун лидери Алексей Навальный тууралуу суроолорду бергенде, ал бул оппозиционердин атын атабай жооп берип келет. Муну Путин Навальныйга жарнама кылбоо керек деп түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Владимир Жириновский
Алексей Навальный
Геннадий Зюганов
Андай оппозиционер жок

Коомчулукта кайсы айым менен Владимир Путин жакын мамиледе деп айтышат?

2008-жылы орусиялык басылмаларда көркөм гимнастика боюнча спортчу Алина Кабаева менен Владимир Путиндин боло турган үйлөнүү тою тууралуу макала чыккан. Бул кабарды ири дүйнөлүк басылмалар көчүрүп чыгышкан. Кабаеванын пресс-катчысы бул маалыматты төгүндөөнү талап кылган. Путин үйлөнүү тою тууралуу макалада "бир да чын сөз жок" деп жооп берген.

Кийинки суроо


Алла Пугачёва
Ольга Бузова
Алина Кабаева
Вера Брежнева

Балыкчыда жашаган 10 жаштагы кыз Владимир Путинге кат жазып эмнени сураган?

2015-жылы Владимир Путин он жаштагы Балыкчыдагы Даша Яицкаяга ньюфаундленд тукумундагы күчүктү белек кылган. Окуучу кыз май айында Орусиянын президентине кат жазган. Ал мындай күчүк жөнүндө көптөн бери кыялданып жүргөнүн айткан.

Кийинки суроо


Күчүк
Кредит
Автоунаа
Үй

Владимир Путин кол саатын оң колго тагынганын кантип түшүндүргөн?

2018-жылы медиафорумда Путин эмнеге кол саатын оң колго тагынганын түшүндүргөн. "Мунун сыры жөнөкөй. Кол сааттын буроочу башы колумду жоорутпашы үчүн оң колго тагынып жүрөм" деген журналисттерге Орусиянын президенти.

Кийинки суроо


"Жакшы, таза ойлор келет"
"Атам кол саатын оң колго тагынчу"
"Кыйындар кол саатын оң колго тагынышы керек"
"Кол сааттын буроочу башы колумду жоорутпашы үчүн"

Президент Владимир Путин Кыргыз Республикасына канча жолу келген?

Кремлдин расмий сайтындагы маалымат боюнча, Путин Орусиянын президенти катары Кыргыз Республикасына 9 жолу келген. Учурдагы 10-мамлекеттик иш сапары болуп саналат.

Кийинки суроо


10
25
3
100

Путин: "50 жыл мурун Ленинграддагы көчө мени бир эрежеге үйрөткөн: эгер мушташууга аргасыз болсоң, ..."

2015-жылы Владимир Путин Сириядагы аскердик операция тууралуу айтып жатып, Ленинградда өткөн бала чагын эстеген. "50 жыл мурун Ленинграддагы көчө мени бир эрежеге үйрөткөн: эгер мушташууга аргасыз болсоң, биринчи урушуң керек".

Кийинки суроо


"... дароо качышың керек"
"... сүйлөшүү менен бүтүрүш керек"
"... биринчи урушуң керек"
"... тапанча менен атып салышың керек"

Путин иш сапарларга көбүнчө кайсы үлгүдөгү учак менен учат?

Орусиянын президентинин авиапаркында бир нече учак бар, бирок көбүнчө иш сапарларга Ил-96 үлгүсүндөгү учак пайдаланылат. Анда өлкө лидери үчүн бардык шарттар түзүлгөн, жадакалса спорттук залы да орун алган. Учактагы бөлмөлөрдүн жайгашышы жердеги чоң үйдү эске салат. Конференция залы, учкучтардын тамактануучу, уктоочу бөлмөсү да бар. Коштоп жүрүүчү кызматкердин айтымында, учакта жүргөн адам үйүндө жүргөндөй эле болот.

Кийинки суроо


Боинг
Ил-96
Ту-154
Эйрбус

Владимир Путин кайсы партияны жетектейт?

Президент Владимир Путин - "Бирдиктүү Орусия" партиясынын лидери. Бул саясий уюм 2001-жылы түзүлгөн. Учурда анын 2 миллиондон ашуун мүчөсү бар. "Бирдиктүү Орусия" парламентте көпчүлүк мандатка ээ.

Кийинки суроо


Либерал-демократиялык партиясы
Коммунисттик партиясы
"Бирдиктүү Орусия" партиясы
"Адилеттүү Орусия" партиясы

Владимир Путинге чейин Орусиянын президенти ким болгон?

1991-жылы Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган Ельцин 1999-жылдын 31-декабрында ордун ал кездеги премьер-министр Владимир Путинге ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген. Андан бери Путин өлкө башчы болуп келет. 2008-2012-жылдары гана анын жакын санаалашы Дмитрий Медведев президенттик кызматты аркалаган.

Кийинки суроо


Михаил Горбачев
Эч ким
Дмитрий Медведев
Борис Ельцин

Путиндин бою канча сантиметр?

Орусиянын президентинин расмий бою 170 сантиметр. Орусияда жана Европада эркектердин боюнун орточо узундугу 175-178 сантиметр болгондуктан, Путиндин боюн кичине деп эсептешет.

Кийинки суроо


170 сантиметр
180 сантиметр
150 сантиметр
160 сантиметр

Путиндин канча баласы бар?

Кремлдин расмий маалыматы боюнча, Орусиянын президентинин 2 кызы бар: Мария 1985-жылы туулган, Катерина 1986-жылы туулган. Путин маалымат жыйындарынын биринде кыздары тууралуу сүйлөп жатып, алар бизнес менен да, саясат менен да алектенбегенин айткан. "Алар Орусияда жашайт, орусиялык жогорку окуу жайларында билим алышкан" деген Путин.

Кийинки суроо


2 кызы
1 уул, 2 кызы
2 уул, 3 кызы
Балдары жок

Путиндин мурунку аялынын аты ким?

1983-жылы Владимир Путин 30 жашында 25 жаштагы Людмила Шкребнева менен баш кошкон. Арадан 30 жыл өткөн соң, тагыраагы, 2013-жылы Путин менен Шкребнева расмий түрдө ажырашканын коомчулукка жарыялашат. Шкребнева 2016-жылы Артур Очеретный аттуу ишкерге турмушка чыккан. Ал эми Путиндин учурда расмий жубайы бар же жок экени белгисиз.

Кийинки суроо


Алина
Людмила
Оксана
Сайрагүл

Кыргыз жергесинде Владимир Путиндин урматына эмне аталган?

“В.Путин атындагы чоку” Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы тоо кыркасында, 4446 метр бийиктикте орун алган. 2011-жылы Владимир Путиндин ысымы менен Ала-Тоодогу чокулардын бирин атоо демилгесин Москва райондук кеңешинин депутаттары көтөрүп чыгып, аны премьер-министр Алмазбек Атамбаев колдоого алган. Мыйзам долбоор даярдалып, Жогорку Кеңеш да аны колдоп, президент Роза Отунбаева мыйзамга кол койгон.

Кийинки суроо


Айыл
Көчө
Чоку
Эч нерсе

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
28.03.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
67
28.03.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
40
28.03.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
74
28.03.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
47
28.03.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
67-5 туурамес
28.03.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
87,2 суроо-ката.Кайсы самолетто учаарын жана Кыргызстанга канча жолу келгенин билбей калдым..
28.03.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
87 2ката жооп
28.03.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
94 упай.4чү суроону билбедим
28.03.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
74
28.03.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
47 томонку корсотучкоо ээ болдум.
28.03.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Путиндин аялынын аты Сайрагүл билип алгыла
28.03.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
87 балл
28.03.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
80 Людмила жеңем жалко
28.03.2019. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
94 саатын таппадым
28.03.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
-4/+15= 75
29.03.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмне эле минус коюп салгансынар
29.03.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
100
29.03.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сайрагул де
29.03.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
54
29.03.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
67
29.03.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
74
29.03.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
В.В.Путин Акшынын 3 президенти менен гана иштешкен Билл Клинтон менен бир да жолу жолугушкан эмес, Путин Расмий президент болуп келгенде ал кезде Джорж Буш президент болчу тактасанар мен Путинди ото жакшы билем. Путиндин Америка президенти Джорш Буш менен карьерасында биринчи жолугушуусу Белгияда болгон. 2000 же 2001 жылдары. Ага чеин ал бир да президент менен жолукан эмес.
29.03.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kgda, 2000-жылы 15-ноябрда Орусиянын президент Владимир Путин менен АКШнын президенти Билл Клинтон жолугушкан. Анда өлкө башчылары Жакынкы Чыгыштагы жана Корей жарым аралыгындагы абал талкуулашкан.
29.03.2019. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айтматов ким экенин билишбейт кее бири Путиге балее барбы
29.03.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
100 Мен Путинолог экем
29.03.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
54 балл
29.03.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
74 нормально кыргыздын президенти болбогондон кийин
29.03.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
67
01.05.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: