super.kg logo

Таласка кыз ала качып бара жаткан 4 жаран эки айга камакка алынды

 

Бишкектен Талас облусуна кыз ала качып бараткан 4 жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (адамды никеге тургузуу максатында уурдоо) менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Окуянын чоо-жайы:

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка постунда кыз ала качып бара жаткан 4 жаран жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кармалган. Инспекторлор документ текшерип жатканда машинанын ичинен кыздын кыйкырган үнү угулган. Алар унаанын эшигин ачып жардам сураган кызды көрүшкөн жана кыз аны ала качып бара жатканын айткан. Ошол замат инспекторлор Жайыл РИИБинин ыкчам тобун аталган жерге чакырып, кызды жана аны ала качып бара жаткан балдарды кызматкерлердин колуна өткөрүп беришкен. Ошол убакта Биринчи Май РИИБине дагы маалымат берилген, алар келген соң кармалган жарандар аларга өткөрүлгөн. Ал эми кыз арыз жазган.

Инспекторлордун арасында милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызын салып бара жаткан унааны тосуп, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жеткирип барган инспектор Замир Айткожоев да болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.03.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн туура. Колдойм. Бул кыргыздын салты деп шылтоо айтып актангандарды дароо камаш керек. Ала качкандай кыз менчик буюм бекен же буроонун менчиги бекен.
Kairat1996 түзөттү 2019-03-29 18:16:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: