super.kg logo
  Саясат  

Фарид Ниязов: "Мага козголгон иш кимдир бирөөнүн буйругу, демек, саясий чечим"

 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов "Апрель" телеканалына маек берип козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирген. Анын айтымында, КСДПнын 6-апрелге белгиленген съездинин алдында бул иштин болуп жатышы анын буюртма экенинен кабар берет.

"Мени Атамбаевдин тарапташы катары карашары түшүнүктүү эмеспи. Бир нече күн мурун биздин активисттер келип мага Максатты (ред. Чегирткеев) көрүшкөнүн айтышкан. Ал милиция кызматкерлери аны ИИМге алып барып, арыз жаздырышканын айтып берген экен. Активисттер Максатты көргөнүн, ортодогу сөздү тастыктап бере алышат. Бул кимдир бирөөнүн буйругу, демек, саясий чечим. Муну партиянын съездинин алдындагы кысым көрсөтүү катары эсептейм. Мен саясий кеңештин мүчөсүмүн, Алмазбек Атамбаевдин санаалашымын, андыктан мени катардан чыгарыш керек деп ойлоп жатышат. Бирок чындык биз тарапта. Укуктук жагынан алганда менин санаам тынч. Мага илип койгон беренелери - абсурд. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамга зыян келтирүү" деп жатышабы? Кайдагы зыян? Өлүм алдында турган бала бутуна туруп кетти, иштеп жатат. Кудай анын өмүрүн узун кылсын", - деди Фарид Ниязов.

Социалдык түйүндөрдө президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыгып, аны Башкы прокуратура тастыктаган. Арызды Максат Чегирткеев аттуу жаран жазганы айтылган. Андан соң Фарид Ниязов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат менен кайрылып, Максат Чегирткеев тууралуу айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: