super.kg logo

Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл дагы бир салтты бузганы жатабы?

 

Британиянын ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл тун наристесин күтүүдө. Ханзаада менен ханбийкенин наристеси 2019-жылдын жаз мезгилинде төрөлөрү айтылган.

Меган Марклдын төрөтүнө байланыштуу айтылган кептер, ал дагы бир салтты бузганы жатат деген пикирлерди жаратууда. Белгилүү болгондой ал Кейт Миддлтон жана ханбийке Диана төрөгөн жерде эмес, өздөрүнүн үйүнө жакын жердеги төрөт бөлүмүн тандаган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазат.

"Гарри менен Меган баланын төрөлүшү коомчулукта кызыгууну жаратарын түшүнүп турушат. Бирок ал тактын алдыңкы мураскери болбогондуктан төрөт жашыруун болушун каалашууда. Меган Марклдын жаш курагына байланыштуу төрөт оор болуп калышы мүмкүн. Мындан улам ал көңүл борборунда болууну каалабай жатат", - деп жазат басылма жеке булактарына таянып.

Муну коомчулукта Меган Маркл падышалыктагы эреже бузууларынын бири катары баалашууда. Буга чейин ханбийке кош бойлуулар үчүн кийимди кийүүдөн баш тартып, Dior жана Givenchy өңдүү мода үйлөрүнүн кийимдерин тандаганы талкуу жараткан эле. Ал кош бойлуу кезинде кийген көйнөктөрүнүн баасы жалпы 500 миң доллардын тегерегинде экени айтылган.

Меган Марклдын расмий жолугушууларда кийген көйнөктөрүнө, өзүн алып жүрүүсүнө коомчулук көз салып турары белгилүү. Анын ийини ачык же узундугу тизесинен өйдө болгон көйнөктөрдү кийгени, тырмагын кара лак менен боёгону, коомдук иш-чараларда карапайым эл менен кучакташканы эреже бузуу катары саналып, талкууга алынып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
31.03.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кучакташса не экен. Адамгерчилике жатат
01.04.2019. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жагат Меган менин досум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: