super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитетинде Талас, Баткендин айрым айылдарын таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоору каралууда

 

Бүгүн, 1-апрелде парламент комитетинде Талас, Баткендин айрым айылдарын таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоору каралууда.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Таластын 30 айылы, Баткендин 61 айылы таза суу менен камсыз болушу керектигин айтты.

"Араб тобу менен Кыргыз өкмөтү ортосунда протоколго кол коюлган. Араб координациялык топтон 50 миллион доллар акча каражатын алуу боюнча протоколдо белгиленген. Эгерде долбоорду депутаттар колдоп берсе, 5-апрелде Ислам өнүктүрүү банкы менен кол коюу күтүлүүдө. Бул каражат 60 миллион долларды түзөт. Кайсы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча тизмеси бар. Аталган облустардагы таза сууга муктаж болгон айылдарды жергиликтүү өкмөттүн өкүлчүлүгү тандаган. Бул долбоор колдоо тапса, иш 4 жарым жылда бүтөт", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: