super.kg logo
  Саясат  

Эксперт Бурул Макенбаева: "Чалгындоо менен тергөө эки башка нерсе, коррупция менен күрөшкөн орган ачык болушу керек"

 

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна эксперт Бурул Макенбаева жооп берди.

Ал көп ыйгарым укуктардын бир органга берилиши туура эмес деген пикирин айтты.

"УКМКны реформалоо керек. Чалгындоо менен тергөө эки башка нерсе. Негизи коррупция менен күрөшкөн орган ачык болушу шарт. Жабык орган коррупция менен күрөшө албайт. Өтө көп ыйгарым укуктарды бир органга берген коркунучтуу болот. УКМК эң биринчиден жабык орган болуп жатат. Бүт күч органдары парламентке отчёт берип турушу керек. УКМК парламенттин көзөмөлүндө болбой жатат. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк көп түзүлүп калып жатат", - деди Макенбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов, Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: