super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: “Чек ара маселелерин чечүүгө бийликтин күчү жок болуп жатат”

 

Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Анын пикиринде, өкмөт чек ара маселесин чече албай жатат.

“Чек ара маселесин бийлик чечиши керек, эгерде чечпесе андан эч нерсе чыкпайт. Калгандарынын бардыгы куру сөз. Бул маселени бийлик чече албай жатат дегенге кошулам. Көйгөй чечиле турган болсо эчак эле чечилмек. Бийликтин күчү жок болуп жатат. Кептин баары ушунда турат”, - дейт Чолпонбаев.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Марлен Маматалиев, Айнуру Алтыбаева, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: