Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү
Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартта Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарында болгон. Анда Кант шаарынын 24 жаштагы тургуну MAN үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан. Чукул бурулуштан рулга ээ боло албай каршы багыттагы ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгүн сүзүп токтогон.
Кырсыктан эки айдоочу тең жабыркаган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.