Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 26 жаштагы жигит 2 күндөн бери изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 26 жаштагы жигит дарыяга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Ак-Жол айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 26 жаштагы С.К. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген. Издөө иштерине ӨКМнын өрт куткаруу бөлүмүнөн жана өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жалпы 12 куткаруучусу чыккан. Бирок жаран табылган эмес. Бүгүн, 3-апрелде дагы издөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Табылып калса экен,тируу табылса экен деп тилеп жатабыз.Жээкке чыгып алса асканын арасында чыга албай камалып журсо деген варианттар бар.
Кабарда кайсы жактын тургуну экендиги тууралуу жазылган эмес.