super.kg logo

Казакстанда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратуу суралды

 

Бүгүн, 3-апрелде Алматы шаарынын райондор аралык сотунда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу сот отурумунда жарыш сөз орун алды.

Анын жүрүшүндө прокурор Асылбек уулун Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "аткезчилик" жана "эл аралык уюшкан топту түзүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ошондой эле прокурор, ал жаза мөөнөтүн өтөгөн соң өлкө аймагынан чыгарып салуу өтүнүчүн келтирген.

Дамирбек Асылбек уулу менен кошо "аткезчилик" боюнча дагы 11 адамдын иши каралууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.04.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан учун деле шерменде да, ЖКнын депутаты болок элде соттолушу.
03.04.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар жана болочоктогу депутаттыкка кандидаттар жалан гана оз кызыкчылыгын( бизнесин) коргогон адамдарбыыы? - деген ой кетет..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: