super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Гүлжигит Сатыбеков Санкт-Петербургдагы мекендештерден кечирим сурады

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков жакында эле Орусиянын шаарларында концерт койгон.

Ал эми Санкт-Петербург шаарына койгон концертке ырчы кечигип барганын күйөрманы айтып, "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылган. Анда окурман: "Гүлжигит Сатыбековдун 31-мартта уюштурган концерти 4 саат кечигип башталды. Ырчы кечигип келип 1 сааттай ырдады дагы концертин бүтүрүп койду. "2-апрелде кайра концерт болот, бүгүнкү сатып алып кирген билеттерин 2-апрелдеги концертке көтөрүп келгендер бекер кирет дешти. 2-апрелде билетин көтөрүп баргандар деле 500 рубль төлөп билет сатып алышты", - деп билдирген.

Бул боюнча Гүлжигит Сатыбековго кайрылганыбызда, ал концерт жүйөлүү себептер менен кечигип башталганын айтып, буларга токтолду.

"31-мартта Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерге концерт коюу уюштурулган. Бирок концерт жүйөлүү себептер менен кеч башталды. Биринчиден, Москва шаарында 2 күн концерт койгонбуз. Ал жактагы концерттин уюштуруучуларын узатабыз деп кармалдык. Экинчиден, Санкт-Петербургдагы концерттин уюштуруучулары атайын суранышканынан гонорар албай эле концерт койгонго макул болгонбуз. Ал шаарга самолёт менен бармакпыз, бирок рейстердин убактысы өтө эле кеч экен. Ушундай себептер менен концертке кечигип бардык. Биз барганча алып баруучу Жакут Сыдыков менен ырчы Улан Осмон уулу концертти баштап, келгендерди зериктирбептир. Ошентсе дагы концерт 3 саатка жакын болду. Ал эми 2-апрелде коюлган концертти чындыгында бекер койгонбуз. Бул боюнча күйөрмандын маалыматы толук болбой калган окшойт.

Элибизге кыла турган кызматыбыз алдыда. Келген күйөрмандарыбызга ыраазычылык айтабыз. Ал жерде көп түшүнбөстүктөр орун алды. Ал үчүн концерт учурунда дагы кечирим сураганбыз, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы кечирим сурайм", - дейт ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
08.04.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кечикпеген кыргыз, кыргыз беле?))
08.04.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм зор жанылылк экен смартфона утуп алдын окшойт
08.04.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Муйуз чыктыбы эми эки кун билет сатып алып.Андан коро эки кунго кеткен 1000р ды пайдалуу нерсеге жумшабайсынарбы?
09.04.2019. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
glaz_almaz,туура айтасыңар канчалаган ооруган же болбосо муктаж адамдар ыйлап жардам сурап жатышат сооп үчүн ошолорго которсо кандай жакшы болмок ошол 1000рублду
08.04.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Гулжигит. Кечирим суроо дагы кичи пейилдике, элди сыйлагандыка жатат.
08.04.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Озу такыр эле аппак. Эч куноолу эмес. Поезд куноолуу,самолет куноолуу,убштуруучулар куноолу,торт саат куткон эл куноолу,Москва куноолуу,Питер куноолуу
08.04.2019. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,успокойся Катерина
08.04.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык жерде ортомчулар бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: