super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аваз Акимов менен Айдана Дека Сокулуктагы концертине эл чогулгандан кийин келбей коюшту" дейт окурман

 

Кечээ, 3-апрель күнү Сокулукта Айдана Дека менен Аваз Акимовдун концерти уюштурулмак. Жергиликтүү тургундун айтымында, концертке эл чогулуп, бирок ырчылар келген эмес. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" WhatsApp аркылуу жиберди.

"Ырчылар элди алдап койду. Эки жаш жубайдын концертин көрүү үчүн эл чогулуп, кечки саат 8ге чейин күтүштү. Концерт саат 19:00дө башталмак экен, бирок эл кандайдыр бир жаңылыш маалыматтар менен саат 17:00дө башталат деп угуп, чогулуп алыптыр. Кийин саат 7де башталат дешти, бирок концерт болгон жок. Афишаларда уюштуруучулардыкы деп көрсөтүлгөн эки номерге тең чалсак "мен билбейм, менин номеримди ал жакка жаңылыш жазып коюшуптур, тиешем жок" деп койду. Концерт көрөбүз деп улуу эле апалар, жаш балалуулар да чогулуп алышкан. Ошентип саат 8ге чейин күтүп, тарап кеттик", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Окурман: "Аваз менен Айдана элди күттүрүп, Сокулуктагы концертине келбей коюшту"

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.04.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шылуундар алардын атын пайдаланып акча жасап кетсе керек да
04.04.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апрельский алдамай болгондурда
04.04.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыркы чыга электе кайдагы концерт!
04.04.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33SUUN,кырк торогон аялдарга эле болот.мучолору кайра ордуна келиш учун.
04.04.2019. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tolkun555,
Жаны уйлонгон жаш жубайларда 40 кун эч жака чыгышбайт.Срочно жумушу болсо куйоосуно мумкундук берет.Ушундай ырым бар илгертеден эле 40 чыга элек жаш жубайларды эчжака чыгарышбайт.кобунчосу кечинде чыгарбайт экоонудагы илешкек илешип калат деп.
06.04.2019. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,Самара Каримова тороп кыркы чыга электе 19 кун Концерт койгон...
05.04.2019. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле артистерди жаман корсотуп атышат Гулжигитти да Питерге кеч келип Бир саатле ырдап кетип каллы деп жамандап атышат бул жерде бирнесе бардайго жакшы ырчыларды дамандамай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: