super.kg logo

Баткен ОИИБи Кадамжайда өтө оор кылмыш кылып качып жүргөн Өзбекстандын 4 жаранына издөө салды

 
Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич
Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович
Арзиев Шерзод Алишерович
Тешебаев Эркин Уктамович

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы Өзбекстан Республикасынын 4 жаранына издөө салат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан адамдар Кадамжай районунда оор жана өтө оор кылмыштарды жасап, качып жүрүшөт.

Алар:

Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич 40 жашта. Ал Фергана районунун Кургон-Тепа айылында туулган. 2000-жылы каракчылык, тоноочулук жана мал уурулук жасаган.

Арзиев Шерзод Алишерович 30 жашта. 2012-жылы алдамчылык, автотранспортту тартып алуу, каракчылык беренелери менен иш козголгон.

Тешебаев Эркин Уктамович 53 жашта. Фергана районунун Кувасай шаарында туулган. 2006-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн айыпталган.

Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович 1993-жылы Фергана облусунун Сох районунда туулган. 2018-жылы Beeline компаниясынын тармагын бузуп компьютер аркылуу акча уурдаган хакер.

Баткен ОИИБинин кызматкерлери сүрөттөгү жарандардын кимдир бирөөсүн таанып же жүргөн жерин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Анонимдүүлүк сакталат жана акчалай сыйлык берилет.

Байланыш телефондору: 3655 50-2-29, 0502 77-77-02, 0776 04-07-44






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.04.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы 5-6 жылдан кийин издоо салсанар болмок экен. Аз эле убакыт болуптур бери дегенде 20 жыл.
05.04.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул суроттор качанкы сурот.Союз маалындагы суроттор)))
05.04.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчалай сыйлык берилет деген дагы бир калпынар болсо керек. Ушунча жылдан бери кыргыз жаранын алып чёт жака чыгып кетишсе керек мээси иштесе. Паспорт алыш оной го озбектерге Кыргызстан да акчага.
05.04.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бираз издебей турсаңар болмок экен)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: