super.kg logo

Самара Каримованын уулу ыр жаздырып, клип тарттырат. Клипке ырчы Данияр Эрматов катышат

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын уулу Барсбек ыр жаздырды. Учурда Барсбектин ырына клип тартуу иштери башталганы турат. SUPER.KG порталы Самара Каримовага байланышканда ал "уулубуздун балалык кези эсте калсын деп клип тартып коюуну туура көрдүк" деп, буларга токтолду.

"Барсбек көп убакыттан бери чыгармачылыкка кызыгып жүрөт. Буга чейин атасы экөөбүз уулубуздун ырдап чыгышына макул болбой жүргөнбүз. Данияр Эрматовдун Оштогу концертинде чоң сахнага чыгып "Билем жактырасың" ырын чогуу аткарган. Уулубуздун балалык күнүнөн эсте каларлык учурлары болсун деп ошол ырды жаздырып, клип тарттырып коёлу деп чечтик. Данияр Эрматов кичинекей күйөрманын колдоп, клибине тартылуу үчүн атайын Ошко келди.

Ал эми уулум бул ырдан кийин дагы ыр жаздырып, чыгармачылыкка аралашабы билбейм. Өзүнүн каалоосу аябай күч, чыгармачыл адамдар менен жүргөндү, сахнага чыкканды жактырат. Бирок атасы экөөбүз Барсбектин билим алып, илимдүү болушун каалайбыз. Эгер чыгармачылык окуусуна, билим алуусуна кедергисин тийгизбесе, анда ырчы болушуна макулбуз. Анын үстүнө баланын каалоосуна көңүл бурбай "жок, жок" дей берип канатын кайрып албайбызбы деп чочулайбыз", - дейт Каримова.

Барсбек Асан Мансуров менен Самара Каримованын тун уулу. Ал быйыл сентябрь айында мектеп босогосун аттайт. Кыргыз шоу-бизнесинен ырчы Данияр Эрматовду кумир тутат. Атүгүл кийимдерин чач жасалгасын дагы Эрматовдукундай кылып бергиле дегенин кошумчалады Самара Каримова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
05.04.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул эле калды окшойт эле озу, бир жолу уйлонтуруп койгула эми
05.04.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ырчынын баласы ырчы,чиновниктин баласы чиновник мындай корунушту бизден башка олколордон сейрек корууго болот.
05.04.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyz_bloger,Алманын астына алса тушот
05.04.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийгилик!!! Келечекте oз кесибин мыкты билген инсан бол! Баланын кыялын аткаруу- БАКЫТ!
muhsina түзөттү 2019-04-05 18:20:38
05.04.2019. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кысталак, ырдабаган менин ала итим эле калды окшойт.
05.04.2019. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Самаш элди зериктире койбойт да. Эми жаш баланы да пиарга аралаштырып.
isarti түзөттү 2019-04-05 18:38:44
06.04.2019. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асан браты менен дует ырдашса болмок андан кору
06.04.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зыяны жок,ырдай берсин.Жеке мага жакты,ширин бала десе.
06.04.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин билдирүүм админдерге жакпай калган окшойт го...Алып салыптыр.
Чындык ачуу болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: