super.kg logo

Депутат Бакыт Төрөбаев: "Жаңыча көз карашта, терең ой жүгүрткөн жаштарыбыз көп болсун"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бул жылы туулган күнүн өзгөлөрдөн өзгөчө белгиледи. Тактап айтканда, 46 жашка толгон эл өкүлү өздүк майрамында аймактардан келген жаштар менен жолугушуу уюштурду. Анда өлкө келечеги тууралуу баарлашканын жана бул жолугушуу жагымдуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул жылы 5-апрелде туулган күнүмдү Фейсбук жана Инстаграмда катталган досторум менен белгиледим. Бул кече мен үчүн абдан жагымдуу, эсте каларлык болуп, өлкөнүн аймактарынан келген жаштар менен кенен баарлаштым. Алардын өлкөнүн келечеги, экономиканы өнүктүрүүнүн багыттары, элдин социалдык абалын чыңдоо жана Кыргыз өлкөсүнө кандай жаңыча өзгөрүүлөр керек экендиги боюнча айткан ой толгоолору, көз караштары мени абдан кубандырды. Социалдык-экономикалык, саясий багыттарда терең ой жүгүрткөн жаштарыбыз, эртеңки биздин келечегибиз экенинде шек жок.

Мен социалдык тармактардагы катталган бардык досторумду сыйлайм. Кечеге катышкан конокторду жалпы катталуучуларымдын атынан келген өкүлдөр деп түшүнөм. Андыктан, менин чакыруумду кабыл алып, туулган күнүмө келген досторума бекем ден соолук, иштерине, окууларына ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалап, ыраазычылык билдирем", - дейт депутат.

Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине тапшырып, "финансы жана кредит" адистигин бүтүргөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(10)
08.04.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоо жакындап ататда
08.04.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Myrza.aksy,Качан болот?
08.04.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоого жакындаганда эле жандана башташат, шайлоо буткондон кийин эле таппай каласын...
09.04.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
баягы эле жомогун баштады да ее
09.04.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул депутатты коптон бери корбойм же суйлогонун укбайм шайлоого жакындап калды эми оздорун реклама кылышат
09.04.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутатарды коройн десем эле жанар акаев менен момбековду эле кором калганы жок
09.04.2019. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Бакыт да аябай пиарчы экен да, шоу бизнестегилер жолдо калат го.
09.04.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу админ Валентина Шевченко Ошко келиптир го ошону тактап бергилечи
kechirmeni түзөттү 2019-04-09 16:09:38
09.04.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карагыла бул депутат шайлоо жакындаганда , кыргызды ойлой баштаганбы дейм. ОЗУ ар эки жыллда парламентке депутатарды шайлоо кылып ар 3-жылда прездентик шайло кылып коюш керек экен ошондо Кыргызстан кыйла онолмок.
09.04.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PogbaGard, Мен кошулам Кыргызстанда жолдор онолуп суулар тартылып электр энергиялар тушуп жыргап эле калмакпыз.А шайлангандар депутаттар эми жей дегенде дагы шайлоо келип калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: