Сокулукта ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгон жарандын жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Сокулук районунда ок атуучу куралдан жаракат алып каза болгон жарандын жансыз денеси унаанын ичинен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Сокулук районундагы айылдардын биринде катталган.
"Учурда окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып кетти. Окуя боюнча жаранды кимдир бирөө атып кеткени же башка учур болгону такталып жатат. Кошумча маалымат берилет", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.