super.kg logo

Башкы прокуратура: "Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат"

 

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы SUPER.KG'ге тастыктады. Анда белгилүү болгондой, арыз Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

"Улуттук госпиталдын айрым кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин үстүнөн арыз жазып кайрылышкан. 2018-жылдын аяк ченинде аталган мамлекеттик кызмат жетекчинин ишмердүүлүгүндө кылмыштын курамы жок деген жүйө менен тергөө жүргүзүүдөн баш тарткан. Мындан соң арыз ээлери прокуратурага кайрылып, башкы көзөмөл органы Улуттук госпиталдын жетекчисинин материалдары менен таанышып чыккан. Текшерүүдөн соң госпиталдын кызматкерлеринин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык бөлүмү тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

SUPER.KG порталы 9-апрелде жарыяланган "Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага кылмыш иши козголду" аталышындагы маалыматын жокко чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: