SUPER TV: Гүлзат Мамытбек: "Ырымды уккан жаштар ойгонот"
Бүгүн, 10-апрелде ырчы Гүлзат Мамытбек кезектеги ырынын клибинин бет ачарын өткөрдү. Ал "Менин колумдан келет" деген аталыштагы чыгармасын кыргыз жана англис тилинде аткарган. Клипке өзгөчө образда тартылган ырчы бул боюнча мындай дейт.
"Клиптин продюсери Алим Серебров z-pop деген жаңы багыттагы стилди ойлоп таап, мен аны өркүндөтүүгө салым коштум. Эмне үчүн "z" деген тамга? Бул "кыргыз" деген сөздүн акыркы тамгасы. Клипке жалпысынан канча суммадагы каражат кеткенин билбейм, себеби чыгымды эсептеген жокмун. Эң негизгиси клипмейкер керек деген сумманы берип жаттым".
Ошондой эле ырчы "бул чыгарма жаштарды ойготот" деген пикирин айтып, чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.
Толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз.
Гүлзат Мамытбек: "Ырымды уккан жаштар ойгонот"


Бирок Кыогыздын З тамгасын колдонбой эле койчу сураныч??
Оз алдынча эле озуну тааныта берчи а?
Менида жакында бренд кылат дүйнөгө дүңңңң деп