Жалал-Абад. Шаарда 6 айда 44 жол кырсыгы болгон
2013-жылдын 6 айында Жалал-Абад шаарында 44 жол кырсыгы катталды. Маалыматты бүгүн, 29-июлда Жалал-Абад шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Жамалдин Исманов билдирди. Катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 61 адам ар кандай жаракаттарды алса, 3 адам каза болгон. Ал эми жарым жыл ичинде өспүрүмдөр катышкан 14 жол кырсыгы болуп, 14 өспүрүм ар кандай жаракат алган.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

