Ош. Шаарда күнүнө 15-20 жолбун ит атылат
Ош шаарындагы “Тазалык” ишканасы күн сайын 15-20 жолбун ит атууда. Иттерди атуу саат 05:00дөн башталып, 09:00гө чейин уланат. Тактап айтканда, көчөдө тургундар аз мезгилде жүргүзүлөт. Аталган мекемеде учурда 2 ит атар адис эмгектенет. “Кээ бир учурларда шаар тургундары өздөрү телефон чалып чакырышат. Андай учурда да эки кызматкер барып иттерди атып келишет”,- дейт мекеменин маалымат катчысы Алибек Адылбеков. Ошондой эле аталган ишкана күнүнө 650 метр куб таштандыны шаардан чыгарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

