super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеев: "Мен сөз берем. Мени ким камакка отургузса, кийин мен аларды түрмөгө тыгам"

 

“Бүгүн мени ким камакка отургузса, кийин аларды өз ордума отургузам. Буга сөз берем”,- деди бүгүн, 29-июлда Нариман Түлеев соттогу акыркы сөзүн айтып жатып. Ал жактоочуларына ыраазычылык билдирди. “Жактоочулар биздей, күнөөсү жок кардарлары көп болсо сүйүнөт болушу керек. Биз менен акырына чейин турганы үчүн аларга рахмат”,- деди. Ошондой эле ал судья Аман Сариевге кайрылып, Башкы прокуратура тарабынан судьяга кысым болуп жатканын билерин айтты. “Мен билем кысым болуп жатат. Биздин көзүбүзгө караңызчы, ууруга, кылмышкерге окшоп турабызбы? Мен сизден соттук иш жүргөн 9 ай ичинде күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүн эстөөңүздү суранам. Урматтуу судья, биз сизге берген бардык документтерди эстөөңүздү суранам. Себеби ал документтерде биздин күнөөбүз жок экендиги көрүнүп турат. Сиздин алдыңызда кесибиңиз бар, мен аны түшүнүп жатам. Ыйык Рамазан айында жаман нерселерге барбаңыз. Жумуш, акча колдун кири. Эч ким акчаны көп таап жыргап кеткен эмес. Акаев 15 жыл президент болду, акыры эмне болду? Мен Москвадан ага бир нече жолу кафеден жолуктум. Менин ага боорум ооруду, себеби ал мекенине келе албайт”,- деди Түлеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: