super.kg logo

О! түйүнүнөн кеңири тилкелүү 4G LTE мобилдик интернет дагы 17 калктуу пункттарга келди

 

Жылдын башынан бери О! мобилдик операторунан кеңири тилкелүү 4G LTE мобилдик интернет өлкөнүн 1000ден ашык алыскы калктуу пункттарында жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды.

Төртүнчү муундагы түйүндүн камтуусун көбөйтүү жана сыйымдуулугун кеңейтүүгө багытталган масштабдуу техникалык долбоор азыр да улантылууда. Жакында эле 4G LTE технологиясы дагы 30 миңден ашуун кыргызстандыктарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуунун негизинде кийинки облустардын айылдарында жеткиликтүү болуп калды:

  • Ысык-Көл облусу: Талды-Суу, Ичке-Суу, Шаты;
  • Жалал-Абад облусу: Ажек, Үч-Булак, Чие, Бүргөндү, Кызыл-Кыя;
  • Баткен облусу: Кара-Булак, Достук;
  • Ош облусу: Керкидан, Адыр;
  • Чүй облусу: Татыр, Жел-Арык, Орто-Кайырма, Кошой, Кош-Кашат.

"Тармактын негизги тренддеринин катарында биз төртүнчү муундун түйүнүнө интернет-трафиктин туруктуу миграциясын көрөбүз. Бул ири шаарларга гана мүнөздүү эмес, Кыргызстандын жалпы аймагындагы кичи калктуу пункттар үчүн да тиешелүү. LTE-технологиясынын негизиндеги кызматтардын керектөөлөрдүн саны эселеп өсүп жаткандыгына байланыштуу биздин негизги милдетибиз – эң алыс жайгашкан аймактарды дагы 4G интернет менен камсыз кылуу болуп саналат", – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды "О! түйүнүнүн өнүгүүсү" бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! операторунун 4G LTE-түйүнү – Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.04.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу О!компаниясы биздин айылга качан келет 4G 3Gбар бироок ылдамдык өтө аз көпчүлүк элдин атынан суранам замандан артта калбайлы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: