super.kg logo

Өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүүдө. Өткөн жылы 42 бала зордуктоого кабылган

 

Өлкөдө балдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

"2017-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1 миң 107ни түзгөн. 2018-жылы бул көрсөткүч 28 пайызга өсүп, 1 миң 368ге жетти. Алардын ичинен, адам өлтүрүү 10 факт (2017-жылы 11), атайылап ден соолукка оор залал келтирүү 19 факт (2017-жылы 13), зордуктоо 42 факт (2017-жылы 47), каракчылык 13 факт (2017-жылы 22), жашы жете элек өспүрүмдөргө карата 138 сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар катталган", - деди Жамшитов.

Депутат Аида Касымалиева жашы жете электерге карата жасалып жаткан кылмыштардын саны чоң көрсөткүчтө өскөнүн белгилеп, бул жаатта ишти дагы дыкат көзөмөл кылуу керек экенин айтты.






2018-жылы балдарга карата зордук-зомбулук 28 пайызга көбөйдү

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2019. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Педафилдерге негизинен ата эне син кошуп өлүм жазасын киргизсе жакшы болоор эле!.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: