super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: Президенттин "кара тизмесине" киргенден кийин тез арада аскерге чакырылган түштүк кореялык актёр Ли Жун Ки 37 жашка толду

 
Актёр 2016-жылы "Жамандык торуган жай" тасмасынын акыркы бөлүгүнө тартылган.
2018-жылы Сингапурда "Азиядагы мыкты артист" наамын алган учур.
2018-жыл. Сингапур.
Актриса Чон Хё Бин менен сериалга бирге тартылган учурда таанышып, сүйүү мамилесинде болушкан.

"Алоолонгон жүрөктөр: Корё" сериалындагы образы аркылуу Азия боюнча популярдуулукка жеткен түштүк кореялык актёр, модель жана ырчы Ли Жун Ки 37 жашка толду. Ал 1982-жылы 17-апрелде Пусан шаарында төрөлгөн. Өжөр, тырышчаак жана аракетчил артисттер тууралуу сөз болгондо Ли Жун Ки жөнүндө кеп кылган туура. Көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан Ли Жун Ки кыялын ишке ашыруу үчүн таанышы да, акчасы да жок болуп туруп Сеулга көчүп келген. Борбор калаадагы Искусство институтуна киргенге чейин бир канча жумушта иштеген. Шоу-бизнеске аралашуу максатында түрдүү кастингдерге катышып, бир жыл ичинде 50 долбоорго өтө албай калган.

2001-жылы модель катары дебют жасап, музыкалык клиптерге, жарнамаларга тартыла баштаган. 2005-жылы "Падыша жана маскарапоз" аталышындагы сериал менен аты чыгып баштайт. Андан кийин актёр тартылган сериалдардын дээрлик баары популярдуу болуп келген.

2008-жылы Mentor Entertainment агенттиги менен актёрдун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Ал менеджери менен биргеликте өзүнүн жеке агенттигин ачууга аракет кылганы менен келишимди бузганы айтылган. Mentor Entertainment агенттиги аны сотко берип, ири суммадагы акчаны талап кылган.

Актёрлук менен чектелбей ырдап чыккан Ли Жун Ки Түштүк Корея, Кытай жана Японияда миңдеген күйөрмандарына концерттик турларды өткөрүп келет. Чет өлкөлөрдөгү популярдуулугу арткан актёр 2009-жылы Туризм боюнча уюмдун өкүлү болгон.

2010-жылы Ли Жун Ки көксөгөнүнө жетип өзүнүн JG Company аттуу агенттигин ачкан. 2010-жылы 3-майда ал аскердик кызмат өтөөгө чакырылган. Анын чукул аралыкта аскерге чакырылышын саясатка байланыштыргандар да болгон. Ал "18-май" аталышындагы сериалда төңкөрүш жасоого аракет кылган адамдын ролун жаратканы үчүн Түштүк Кореянын мурдагы президенти И Мёң Пак тарабынан "кара тизмеге" киргизилгени айтылган. Мындан сырткары АКШдан этти импорттоого каршылыгын билдиргени да тизмеге кирүүсүнө себеп катары белгиленген. Дал ошол "кара тизмеге" байланыштуу актёр сериалга тартылып жатканына карабай тез арада аскердик кызматка чакырылып калган.

Анын чыгармачылыгындагы кульминациялык учур 2016-жылы "Алоолонгон жүрөктөр: Корё" сериалынан кийин болгон. Тарыхый сериалда ал 4-ханзаада Ван Сонун образын жеткиликтүү аткарып, актёрдун атактуулугу арткан. Кытайда ошол жылдары корей сериалдарын көрсөтүүгө тыюу салынганына карабастан бул сериал көрүүлөр боюнча 2 миллиардга жетип рекорд койгон.

Актёр 2016-жылы "Жамандык тооруган жай" тасмасынын акыркы бөлүгүнө тартылып, Голивудда да дебют жасаган.

2017-жылы апрель айында анын актриса Чон Хё Бин менен сүйүү мамилесинде экени ачыкка чыккан. Дал ошол учурда актёр, актриса Пак Мин Ёң менен "Кулагымда жаңырган таттуу" телеберүүсүнө тартылып жаткан эле. Актриса менен актёр телефон аркылуу гана сүйлөшүп, бирок бири-бирине аты-жөнүн айтышкан эмес. Телеберүүдө башка, жашоодо башка актрисага сүйүүсүн билдиргенин күйөрмандары сынга алып, жаңжал чыккан. Актёрдун чыныгы сүйүктүүсү тууралуу элге жарыяланып кеткенден кийин телеберүүнүн акыркы сериалы эфирге чыгарылбай, актёр көрүүчүлөрдөн кечирим сураган. Ошол эле жылдын август айында Жун Ки менен Хё Бин жумушуна байланыштуу мамилесин токтотушканы белгилүү болгон.

17-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: