Финпол: "Акнет" компаниясынын айланасында айрым кызыкдар адамдар монтаждалган провокациялык видеолорду таратып жатышат"
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы интернетте тарап жаткан "Акнет" интернет таратуучу компанияга байланыштуу видеолор боюнча билдирүү таратты. Аталган кызматтын маалыматына караганда, "Акнеттин" айланасында жүрүп жаткан сотко чейинки иликтөө иштери мыйзамсыз жүргүзүлгөн деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
"Акнет" ЖЧКсына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аталган компаниянын акционерлеринин биринин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштери кирешенин суммасын төмөндөтүп көрсөтүү, мамлекетке социалдык төлөмдөрдү жана салыкты төлөөдөн качуу, ошондой эле башка акционерлерге үлүш ээлигин жана кирешени бөлүү боюнча тиешелүү төлөмдөрдү аткарбай жаткандыгы боюнча фактылардын негизинде болгон.
Арыз ээсинин арызынын негизинде текшерүү болуп, жыйынтыгында "Акнет" ЖЧКсынын кеңсеси тинтүүгө алынган. Колго тийген документтерди текшерүүдө социалдык төлөмдөрдү жана салыкты төлөбөөнүн негизинде мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени аныкталган. Мындан улам компанияга салык кызматы текшерүүгө барып, компаниянын эсептери арестке алынган.
Айрым маалымат каражаттарында жана интернетте тарап жаткан маалыматтарда компаниянын арестке алынган эсептеринин суммасы көбөйтүлүп жазылган. Арестке алынган сумма эч качан мыйзамсыз болгон эмес. "Акнет" компаниясына карата мурун козголгон кылмыш иштин алкагында салыктык документтер текшерилип, айрым мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Анын негизинде компанияга келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн мамлекетке 150 миллион сом төлөтүлдү.
Финполго карата коомчулуктун негативдүү пикири жаралышы үчүн кызыкчылыгы бар күчтөр ар кандай видео жана аудиолорду таратып жатат. Алар интернетке монтаждалган, өздөрүнө керектүү аудиолору жана видеолору кесилип жасалган материалдарды жүктөшүүдө. Видеолордо айрым аудиолор, телефондук сүйлөшүүлөр мыйзамсыз колдонулган. Ал маалыматтар тергелип жаткан иштерге эч кандай байланышы жана таасири жок", - деп билдирет Финпол кызматы.
Белгилүү болгондой, жогорудагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алып барып жаткан иликтөөлөрдү уюштуруу 2019-жылдын 28-март күнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
"Акнеттин" айланасындагы иш бүгүн дагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берип жатканда сөз болду. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "Акнет" компаниясы боюнча козголгон 5 кылмыш ишинин экөө өндүрүштөн кыскартылганын билдирди.
“3 кылмыш иши Ички иштер министрлигине тергөөгө берилди. Финансылык полициянын кызматкеринин катышуусундагы сүйлөшүү деп интернетте пайда болгон видео боюнча учурда териштирүү жүрүүдө. Толук маалымат кийин берилет”, – деди Жамшитов.
"Акнеттин" ээлеринин ортосундагы пикир келишпестиктер
