super.kg logo

Ысык-Көлдө кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалы өтүүдө

 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Оймо” фестивалы өтүүдө. Ага 10 мамлекеттен 120дай кол өнөрчү катышууда. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Индия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү жибектен, жыгачтан, шурудан, керамикадан жасалган сувенир буюмдарын, улуттук калоритти камтыган саркеч кийимдерин көргөзмөгө коюшту. 

“Бул фестивалдын кучагы кеңейүүдө. Быйыл Бишкек шаарында дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин 17 мүчөсү катышкан отурум болду. Эки жылдан бери фестивалдын программасына каада-салттык элементтерди кошуудабыз. Эми жергебизге келген туристтер жөн гана өзүнө жаккан буюмдарды сатып албастан, улутубуздун жоголуп бараткан үрп-адаттары менен да тааныша алышат”,- дейт  фестивалдын уюштуруучуларынын бири Жеңишгүл Өзүбекова.

Айта кетсек, "Оймо" фестивалы быйылкы жылды кошкондо 8-жолу өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: