"Кыргызстан" фракциясы Бишкек жана Ош шаарларындагы экологиялык абалды талкуулайт
Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, отурумда Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы экологиялык абал тууралуу маалымат угулат. Жыйынга Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана башка тиешелүү мекемелердин башчылары чакырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
-1

