super.kg logo

Британиялык белгилүү ырчы Адель жолдошу менен ажырашканын билдирди

 

Британиянын эң кирешелүү ырчыларынын бири Адель жолдошу менен ажырашканын маалымдады. Алардын ажырашуусун түгөйлөрдүн жакындары Бенни Тарантини жана Карл Саймон тастыкташкан.

"Алар ажырашып жатканына карабай баласын сүйүп, чогуу тарбиялоону чечишти. Ошондуктан алардын жеке жашоосун жана ажырашуусун талкуу кылбоону суранышты. Эми алардын ажырашуусу, андан кийинки жашоосу тууралуу маалымат берилбейт", - деген.

Ырчы 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою 2017-жылы Лос-Анжелесте жашыруун өткөн.

Саймон Конекки 2004-жылы стилист Клэр Фишерге үйлөнүп, 2008-жылы ажырашкан. Ортодо бир кызы бар.

Аделдин "Someone Like You", "Hello", "Skyfall" жана башка чыгармалары дүйнөлүк хитке айланып, ырчынын атактуулугун арттырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.04.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012 балалуу болуп, 2017 -жылы үйлөнүштү, буларда баары наборот
22.04.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даана жылдыздар ушулар да, элдин көзүнөн, сөзүнөн качып жашыруун үйлөнүшөт. А биздин бир тойкананын светильниктери баняга барышса да жарыя кылышат, ким менен барганынан өйдө жазып, сүрөттөрүн чыгарышып. Хотья ал эч кимге деле кызык эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: