super.kg logo

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр кызын турмушка узатты

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызын турмушка узатып, күйөө балалуу болду. Башкача жана таптаза сезимдерге бөлөнүп жатканын айткан акын SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Менин 3 кыз, 2 уулум бар, үйдүн улуусу - Керемет. Ал "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин англис тилинен синхрондук котормо бөлүмү боюнча билим алып жатат. Буюрса, быйыл аяктайт. Керемет окуу менен бирге ишти айкалыштырып, жергиликтүү радиолордун биринде иштеп жүрдү. 4 тилде эркин сүйлөйт. Ал эми күйөө балам Арген Таластан болот. Түркия, Египеттен билим алган, чет тилдерде эркин сүйлөйт. Буга чейин Аргенди сыртынан таанычумун, бирок күйөө балам болот деп такыр ойлогон эмесмин. Кызым менен күйөө балам өткөн жылдын ноябрь айында таанышыптыр. Аларды сабак берген мугалимдери тааныштырган экен. Кийин кызым биз менен тааныштырып, 20-апрелде узаттык. Бул биздин биринчи жакшылыгыбыз", - дейт ал.

Кыз узатуу тойго акындар, ишкерлер, ырчылар жана башка белгилүүлөр дагы келишкен. Ак таңдай акын Замирбек Үсөнбаев ак батасын ыр менен төктү.

Жеңишбек Жумакадыр Нарын районунун Эмгекчил айылында 1977-жылы 9-майда төрөлгөн. Төкмө акын 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
22.04.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куттуктайм бактылуу болушсун
22.04.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз ага ыймандуу кыз окшойт оронуп чыкканы жакты. Аллах бактылуу уй булодон кылсын
22.04.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдарына деле татыктуу тарбия берген болсо керек
Кызы бактылуу болсун
22.04.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болсун
23.04.2019. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсун. Суусар тебетейди аябай кийишиптир го. Тойлор бизге да жуксун мен да атама ушундай тебетей алып берем деп журом. Келечек алдыда
23.04.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987, Tolkun555, elebes86, Domui, Nurbelek., Kairat1996, темага тиешеси жок билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: