Москвада "Сакал" каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобу кармалды
Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери тарабынан "Cакал" каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Токтосуновдун кол алдындагы адамы бул кылмыштуу топту көзөмөлдөп турган. Алар тоноого, карактоого жана опузалап акча талап кылууга жана башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү Москвага келген аялдардын жашоосуна кийлигишүүгө аракет кылып келишкен. Мындан улам алар полиция кызматкерлерине кармалышкан. Учурда кармалгандар башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Адаттагыдай эле корунуш.