super.kg logo

"Акнет" компаниясынын коммерциялык директору Николай Кан: "Аймактарды өнүктүрүү – санариптик келечекке карай кадам"

 

Өткөн дүйшөмбү күнү Ош шаарында биринчи "Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" телекоммуникациялык форум өттү. Аны Байланыш операторлор ассоциациясы уюштурган. Форумдун ардактуу коногу - президент Сооронбай Жээнбеков болду. Бул масштабдуу иш-чара 500дөн ашык кишини топтоду. Алар мамлекеттик органдардын жетекчилери, ишкерлер коомчулугунун, IT жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Күн тартибинде өтө маанилүү маселелер көтөрүлдү. Санариптик тармакты өнүктүрүүнүн келечек пландары жөнүндөгү презентациясы менен "Акнет" компаниясынын коммерциялык директору Николай Кан бөлүштү.

"Бүгүнкү күндө интернет заманбап жашоо образындагы адамдын жашоосунун бардык тармагын ишенимдүү ээлеп алды. Ал көңүл ачуу, маалымат алуу деген айдыңдан адамзаттын көптөгөн жумуштарын оңой жана бат чече турган куралга айланды. Бир канча иш процесстерди оптимизациялоодон, аралыктан билим алуу, электрондук коммерциядан тартып коммуникацияга чейин жетти. Интернеттин кенен пайдаланылышы - өз кезинде санариптик технологияны, санариптик продуктту жайылтууга суроо-талапты чоңойтот. Бул социалдык изоляцияны, эффективдүүлүктү жана инновациянын жайылышына түрткү болот.

Жаңы санариптик доорду ача турган мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте санариптик боштукту жок кылуу керек. Ал үчүн интернетти күн сайын, жеткиликтүү, ачык жана коопсуз кылуу зарыл. Мамлекеттин аймактардагы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган саясатынын алкагында, "Акнет" компаниясы өзүнүн ыкчам стратегиясына ар бир кыргызстандык ылдам жана сапаттуу интернет менен телеберүүнүн ырахатын сезүүсүн көздөп, өлкөгө бул тармакты жайылтууга кадам алат. Биринчи этапта Ош облусу боюнча бул тармакты өнүктүрүү пландалды. Андан кийин компания Кыргызстандын бардык аймактарына аны жайылтууну максат кылат. Өз кезинде мамлекеттик органдар үчүн да, коммерциялык структуралар үчүн да, ошол эле учурда кадимки интернет колдонуучулар үчүн да маалыматтардын бирдиктүү корголгон тармагын ишке ашырууга көмөктөшөт", - дейт Николай Кан.

Талкуунун соңунда катышуучулар иш-чара Байланыш операторлор ассоциациясы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин "Digital CASA- КР" долбоору жана президенттик аппарат тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти. Ошондой эле алар жыл сайын мындай форумду өткөрүп турууну колдошту.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: