super.kg logo

УКМКнын кызматкерлери борбордогу кафелердин биринин күзөтчүсүн бычактаган деген маалымат айтылууда

 

Бишкектеги кафелердин биринде 25-апрелден 26-апрелге караган түнү УКМКнын кызматкерлери делген адамдар менен аталган жайдын күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкканын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Анда УКМКнын кызматкерлери эс алуучу жайды көзөмөлдөгөн күзөт кызматкерин сабап, андан соң бычак менен жаракат келтиришкени жазылат. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин кызматкерлери барып, кызматкерлерди кармап кетишкен. Ал эми ошол убакта УКМКнын кызматкерлери мас абалында болушканы айтылат.

Бул факты боюнча УКМКнын басма сөз кызматына кайрылганыбызда бул окуя териштирилип жатканын айтып, башка маалымат бере албастыгын билдирди. Ал эми Бишкек ШИИББи дагы ушундай эле жоопту узатты.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, Бишкектеги Бахчай кафесинде жаңжал болгонун тастыктап, буларды билдирди.

"Аталган жайда чыр чыкканын тастыктай алабыз. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери башталды. Бирок бул окуяга катыштыгы бар адамдар УКМКнын кызматкерлери деп так кесе айта албайбыз", - деди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.04.2019. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте карганын көзүн карга эч качан чокубайт.... иши кылып карапайым элге залалы тийбесе болгону,,, кудайым ар бир башкаруу, коргоо , дарылоо тарабында эмгектенгендерге адилеттүүлүк, ыймандуулук, калыстык, жупунулук сапат берген болсун!
27.04.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте айта албайт да укмкнын кызматкери деп айтты дегиче эле энесинин тоюн көрдү дей бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: