"Дарак ыры" мюзикли "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында 8 статуэткага ээ болду






Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы 8 алтын статуэткага ээ болду. Аталган тасма 8-ирет өтүп жаткан "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында "мыкты тасма", "мыкты режиссёр", "мыкты сценарий", "мыкты монтажер", "мыкты үн режиссёру", "мыкты сүрөтчү", "мыкты композитор", "мыкты актриса" наамдарын багындырды.
Айбек Дайырбеков тасма эл аралык сынактарга катышып, 2 жолу Гран-Прини, мындан тышкары бир катар байгелүү орундарды багындырып келгенин айтат.
"Мен режиссёрлук кылган "Дарак ыры" тасмасы буга чейин чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышып, сыйлуу орундарды камсыздаган. "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында 8 алтын статуэтканы алуу ырасында эле күтүүсүз болду", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.