super.kg logo

Орусияда ырчы Алсунун кызы "Голос. Дети" сынагын жеңип алганы катуу сынга алынды

 

Орусияда ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамова "Голос. Дети" сынагын жеңип алды. Анын жеңишке жетиши интернетте катуу сынга алынды. Колдонуучулар "1-орун сатылган" деген өңүттө пикир жазышкандыктан Биринчи канал добуш берүүнүн жыйынтыгын кайрадан текшерип чыкмай болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Сынактын финалы менен суперфиналы 25-апрелде өттү. Абрамова эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталган. Долбоордогу анын устаты ырчы Светлана Лобода Микелла Абрамованы жеңиши менен куттуктады. Интернет колдонуучулары Абрамованын аткарган ырларын жеңишке татыктуу эместигин жазышууда. Интернетке жүктөлгөндөн кийин, анын аткарган ырлары алгачкы 2 саат аралыгында 862 жактыруу, 4 миң 600 жактырбоо белгилерин топтогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: