super.kg logo

Шри-Ланкадагы жарылууда 15 адам каза болду, алтоосу кичинекей балдар

 

Шри-Ланкадагы жарылууда 15 адам каза болду. Алардын ичинен алтоосу кичинекей балдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарылуу өлкөнүн чыгыш тарабындагы Калмунай шаарында орун алды. Жанкечтилер жашырынып жаткан аймакты тазалоо үчүн күч органдары атайын операция жүргүзүп жаткан учурда, бир нече адамдар өздөрүн жардырып жиберген. Полиция менен террорчулардын ортосунда атышуу орун алган.

Жарылуу болгон жерлерден "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун символдору түшүрүлгөн кийимдер, желектер жана жарылуучу заттар табылды. Буга чейинки жардыруулар боюнча "Ислам мамлекети" террористтик уюму жоопкерчилик алган эле.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

21-апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, 7-жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми 8-жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган. Натыйжада 250 адам каза болуп, 500дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.04.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тозок бейиш деген молдолордун жалган жомокторун угуп кереги жок. Дин кучогон жерде чыр чатактар да кучой берет.
zhaku2017 түзөттү 2019-04-27 14:37:45
27.04.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз элине исламдашуунун арабташуунун кереги жок. Жаштарга терен билим жана маданий иштерге коп аралаштыруу зарыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: