super.kg logo

"Голос. Дети" сынагындагы жаңжалдан кийин Биринчи канал добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады

 

"Голос. Дети" сынагындагы жаңжалдан кийин Биринчи канал добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөттү. Тийиштүү документ каналдын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык сынактын жеңүүчүсү Микелла Абрамовага 145,5 миң добуш беришкен. Анын 109 миңи смс, 36 миңи телефон чалуу аркылуу берилген. Экинчи орунду алган казакстандык Эржан Максим 64,8 миң добуш топтогон. Анын 62,6 миңи смс, 2 миңдейи телефон чалуу аркылуу. Ал эми үчүнчү орунду алган Валерий Кузаков 36,1 миң добуш алган.

Сынактын финал менен суперфиналы 25-апрелде орун алган. Анда ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамова жеңүүчү болгон. Интернет колдонуучулары орундар сатылган деп сынактын жыйынтыгын катуу сынга алышты. Орусиялык артисттер Максим Галкин, Вера Брежнева жана казакстандык ырчылар Эржан Максимди колдоого алып, жеңишке татыктуу экенин белгилешүүдө. Биринчи каналдын директору Константин Эрнст окуя иликтенерин билдирди. Ошондой эле "Голос. Дети" долбоору тууралуу кадр сыртында тартылган тасма эфирден көрсөтүлбөй турганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wibee, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: