ТЕСТ: Ата-энесинин жолун жолдогон шоу-бизнес, маданият өкүлдөрү. Кайсы белгилүүнүн баласы Данияр Эрматовду кумир тутат?
Элибизде "Алма сабагынан алыс түшпөйт" же "Аккан арыктан суу агат" деген накыл кептер айтылып келет. Бул сөздөргө далил иретинде шоу-бизнес жана маданият чөйрөсүндөгү белгилүүлөрдүн изи менен баскан уул, кыздары, неберелери тууралуу тест даярдадык. Чыгармачыл инсандарды канчалык деңгээлде билериңизди тест аркылуу сынап көрүңүз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
"Эң жакыным менин "Беларус" трактир. Жеке, жеке, жеке трактир" деп ырдаган ырчы жана куудул?
Куудул Манас Бердибековдун көзү өтсө дагы анын ар бир сатирасын, интермедиясын дал өзүндөй сүйлөп аткарып, элге күлкү тартуулап келе жаткан уулу Санжар Бердибеков бар. Санжар Бердибеков бир гана куудул катары эмес, ырчы катары дагы таанымал болгон. Анын репертуарындагы "Сагындым", "Таенем", "Аке-үкө", тамашалуу "Трактир" ырлары популярдуу болгон.
Кийинки суроо
Манас Бердибеков
Санжар Бердибеков
Жеңишбек Айтиев
Кайсы белгилүүнүн баласы ырчы Данияр Эрматовду кумир тутат?
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын уулу Барсбек Данияр Эрматовду кумир тутат. Ал жакында эле Данияр Эрматовдун репертуарындагы "Билем жактырасың" чыгармасын ырдап, ага клип тарттырды. Самара Каримова чыгармачылык Барсбектин окуусуна, билим алуусуна кедергисин тийгизбесе, анда ырчы болушуна каршы эмес экенин билдирген.
Кийинки суроо
Самара Каримованын уулу Барсбек
Эрнист Сыдыковдун уулу Замир
Ильяз Абдыразаковдун уулу Розан
Апасынын жолун жолдогон эже-сиңдилер кимдер?
Кыргыз Эл артисти Шахра Талипованын "кыздарым менин жолумду жолдоп келе жатат" дегени бар. Гүлзат Батырканова ырчылыктан тышкары "Сармерден" көрсөтүүсүндө шайыр жеңенин милдетин аткарып келген. 2015-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Ал эми Кыял Батырканова дагы сахнага апасы, бир тууганы менен ырдап чыккан.
Кийинки суроо
Анапия, Дилбар, Лира Райымбековалар
Каныкей жана Бурул Раймалиевалар
Гүлзат жана Кыял Батыркановалар
Бири скрипкачы, бири ырчы. Сөз кайсы музыканттын балдары тууралуу болуп жатат?
Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайым ырчы, скрипкачы. Ал эми музыканттын кенжетайы Нурсултан дагы ырчы катары таанымал. Нурсултан Азыкбаев Орусиянын "Жаңы толкун-2016" жаш ырчылар сынагына мекенибиздин атынан катышкан.
Кийинки суроо
Курмангазы Азыкбаев
Расул Маматкулов
Алтымыш Кадыров
Өзү "Заман" тобунда 6 айдан ашык жүргөн, атасы "Айкөл" тобунун ырчысы, жетекчиси болгон. Бул кайсы ырчы?
Жаш ырчы Кылыч Эдик "Айкөл" тобунун ырчысы, жетекчиси Кеңеш Эдиктин уулу. Кылыч Эдик 2012-жылы атасы каза болгондон кийин анын атын өчүрбөйүн деп ырчылыкка багыт алган. Канат Култаев түптөгөн "Заман" тобуна кастинг аркылуу өткөн. Ал жакта 6 айдан ашуун убакыт жүрүп, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу топтон кеткен. Учурда жеке ырчы катары ырдап жүрөт.
Кийинки суроо
Токтогул Жумабек уулу
Баяман Абдувалиев
Кылыч Эдик
Бул ырчы атасынын ырларын кайрадан жаңыртып ырдап жүрөт. Кыргыз Эл артистинин күйөө баласы. Ким тууралуу сөз болуп жатат?
Атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып ырдап жүргөн Кубаныч Сатаев - баарына белгилүү болгондой, залкар ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу. Ал Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын күйөө баласы.
Кийинки суроо
Кубаныч Сатаев
Азат Болотбек
Руслан Маматкулов
Бул ырчынын апасы алгач "Шоола" тобунда урма аспапта ойногон. Аталган топ тарагандан кийин кыздардан түзүлгөн ансамблге кирип, өмүрүн, жаштыгын арнаган. Ким жөнүндө сөз болуп жатат?
Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова 1973-жылы түзүлгөн "Шоола" ансамблине кастинг аркылуу өтүп, урма аспапта ойногон. Топ 7 жылдан кийин таркап кеткен. Окууну аяктагандан кийин Оштогу педучилищеге мугалим болуп келип, кыздардан турган ансамбль түзүлүп жатканын угуп, топко кошулуп кеткен. Топ "Кыз-Бурак" деп аталып, бүгүнкү күнгө чейин ырчыларды таптап келет. Ал эми Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал дагы апасынын жолун жолдоп, аталган топтун ырчысы болсо, учурда "Кыз-Бурактын" жетекчиси.
Кийинки суроо
Малика Дина
Азиз Жетигенов
Сайкал Садыбакасова
Атасы - ырчы, обончу, апасы - ырчы, актриса, журналист. Атасынын атынан топ ачкан бир тууган ырчылар кимдер экенин билесизби?
Ырчы, обончу Алтымыш Кадыров менен актриса, журналист Рая Нургазиеванын уулдары Талант жана Самат атасынын атынан 2005-жылы 60`К деген топту негиздеген. Топто Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиева дагы болгон. Бут тосуулардан кийин топ тарап кеткен. Кийинчерээк Талант Кадыров топтун атын өчүрбөйүн деп кайрадан ырдап чыккан.
Кийинки суроо
60`К тобу
"Жебе" тобу
Үч теректин үч кызы
Музыкант Абир Касеновго чыгармачылык талант кимден өткөн?
"Бир элес", "Асыл тумарым", "Вера в любовь" деген ырлары менен таанылган ырчы Абир Касеновго ырчылык өнөр чоң атасынан өткөн. Тагыраагы, Абир Касенов - Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, комузчу, актёр Орозбек Кутманалиевдин небереси.
Кийинки суроо
Чоң атасынан
Атасынан
Эч ким
Бирде ак куу болуп учкусу келсе, бирде шоктонгон ырчынын атасы ким?
"Ак куу", "Шок кыз", "Сезим" ырлары менен таанымал болгон ырчы Айпери Кубик кызынын атасы Кубик Калыков экени белгилүү. Кубик Калыков куудул жана ырчы. Анын репертуарындагы "Той, той", "Жаным", Асел Турдалиева менен аткарган "Нан жок" жана башка ырлары популярдуу болгон.
Кийинки суроо
Абдумалик Шерматов
Расул Маматкулов
Кубик Калыков
Бул ырчы мырзанын атасы, кайнатасы дагы композитор. Апасы поэтесса, кайненеси ырчы?
"Жаңы толкун-2012" сынагынын катышуучусу Бек Исраилов дагы чыгармачыл үй-бүлөдөн тапталып чыккан. Анын атасы Жолдошбек Исраилов - композитор, апасы Гүлмира Рыспаева – акын.
Бек Исраилов 2015-жылы композитор Аскар Карыбаев менен ырчы Чолпон Алсеитованын кызы Айжаркынга үйлөнгөн.
Кийинки суроо
Руслан Маматкулов
Кубаныч Сатаев
Бек Исраилов
Атасы түзгөн "Бакай" балдар тобунда 4-класстан баштап ырдап, кийин жеке ырчы болгон. Ырчынын атасынын кесиби актёр, апасы комуз сабагынан мугалим.
Эстрада ырчысы Ильяз Андаш таланттуу адамдардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасынын кесиби актёр болгону менен "Бакай" тобун түзүп, айылдан чыккан жаш таланттарды таптап келген. Аталган топ Ысык-Көл облусунун дээрлик жарымына популярдуу болгон. Ал эми Ильяз Андаштын апасы музыкалык мектепте комуздан сабак берет.
Кийинки суроо
Ильяз Абдыразаков
Ильяз Андаш
Аяна Касымова
Кесиптештери жаш ырчынын апасын убагында "эстраданын акуласы" деп тамашалаган. Сөз кайсы чыгармачыл эне-бала тууралуу болуп жатат?
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы Малика Дина дагы сахнаны тандаган. Малика Дина өзү айткандай, апасынын курсагында жаткан кезинен эле сахнада жүргөн. Ал ар кандай сынактарга катышып, эл оозуна алынган.
Кийинки суроо
Айчүрөк Иманалиева жана Анжелика
Алина Жетигенова жана Азиз Жетигенов
Динара Акулова жана Малика Дина
Шорпо аты менен атактуу болгон куудул, ырчы Жаныбек Алыкуловдун канча баласы шоу-бизнестен ордун тапкан?
"Шорпо" десе баары Жаныбек Алыкуловду таанышат. Учурда Алыкуловдун атын өчүрбөй, жолун улап келаткан эки уулу бар. Алар Алмаз жана Манас Алыкуловдор. Аталаш бир туугандар шоумен катары таанымал.
Кийинки суроо
2
1
Эч ким
Расул Маматкуловдун канча баласы шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып жүрөт?
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкуловдун кызы Айгерим кичине кезинен эле атасын жандап бийлеп, учурда жеке ырчы катары белгилүү. Ал эми уулу Руслан ыр жаздырып, клип тарттырып, учурда тыныгууда. Расул Маматкуловдун көкүрөк күчүгү Аяна дагы атасы менен дуэт жаздырып, шоу-чөйрөгө кадам таштаганы маалым.
Кийинки суроо
1
2
3
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Менин атам же апам ырчы болгондо,мен талантым жок болсом да ырчы болмокмун.
Бул, ,жылдыздарыбыздын" жарымында таланты жок.Эптеп ырдап журот.
Анан ушул жерде да Самара кошулуптур.Самара деген созду укканда аллергия боло баштадым.
Сиздин упайыңыз
100
туура жооп: 15
ката жооп: 0
жалпы: 15 суроо
азаматсыз! Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүн ата-жотосуна чейин тааныйт экенсиз!
Бул, ,жылдыздарыбыздын" жарымында таланты жок.Эптеп ырдап журот.
Анан ушул жерде да Самара кошулуптур.Самара деген созду укканда аллергия боло баштадым.