super.kg logo

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы 1 миң 500 доллар пара менен кармалды

 

"Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы 1 миң 500 доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Арча-Бешик конушундагы айрым жер тилкелеринин ээлеринин курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат кагазы жоктугун аныктап, 10 миң доллар акча талап кылган.

"29-апрель күнү ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен "Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысы 46 жаштагы К.М. кармалды.

Ал тиешелүү документтердин жоктугун аныктап, Арча-Бешик конушундагы жер тилкелеринин ээлеринен 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, анын 2 миң долларын 2018-жылдын аягында алгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркпогон адамдар экенда дагы деле пара алып жатышабы?Качан онугобуз?
01.05.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документ жасайын десең 1 жылда да бүтүрүшпөйт ары бери чуркатып. Акча алып көнүп калышкан баары главархитектурада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: