super.kg logo

"Дарак ыры" тасмасы Казанда өткөн фестивалда Гран-Прини багындырды

 

Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Казанда өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды.

Тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков фестивалга барбай калганын, сыйлык тууралуу режиссёр Стамбулбек Мамбеталиев кабарлаганын айтып, буларга токтолду.

"Казандагы эл аралык мусулмандардын киносунун фестивалынан биздин тасма эки сыйлык алды. Бири фестивалдын эң мыкты көркөм тасмасы наамында жеңүүчү болсо, экинчиси Орусиянын кинотаануучулар жана кинокритиктер Гильдиясынын сыйлыгы болду", - дейт ал.

Ал эми "Мыкты даректүү тасма" наамын дагы бир кыргыз режиссёрунун эмгеги багындырды. Тагыраагы, режиссёр Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" документалдуу тасмасы дагы мыкты аталды.

Казань шаарында өткөн 15-эл аралык мусулмандардын кино фестивалы 24-апрелде башталып, 30-апрелде жыйынтыкталды. Ага ар кайсы мамлекеттерден жалпысынан 55 тасма катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: