super.kg logo

Бишкекте Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата "Тоолор кулаганда" спектакли коюлду

 

Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата 1-майда Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма театрынын артисттери "Тоолор кулаганда" спектаклин коюшту.

"Тоолор кулаганда" спектаклинин негизги окуясы Бишкек шаарында жана Кыргыздын бийик тоолуу айылдарынын биринде өтөт. Белгилүү журналист жана котормочу Арсен Саманчин алыскы Араб мамлекетинен илбирстерге аңчылык кылууга атайын келген ханзаадаларга тилмеч болуп, уюштуруу иштеринде жердештерине жардамдашуу үчүн туулуп-өскөн кыштагына жөнөйт. Ал тоо арасында Кайып Эрен, Кайып кыздын жомогундагыдай өзүнүн эң ыйык махабатына жолугарын, балким, ошол жерде илбирстердин падышасы Жаабарс сындуу мерт болушун билбей барат. Арсен Саманчин жашаган доорунун, анда түзүлгөн кыйчалыш кырдаалдын курмандыгы жана бешенесине жазылган тагдырдын туткуну экени жөнүндө көрсөтүлөт.

Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры 1991-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун эл депутаттар кеңешинин №157 чечими менен негизделген. Театрда өз кезегинде Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каныметова, Марат Алышпаев жана Каныкей Эралиева өңдүү сахна чеберлери эмгектенишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: