super.kg logo

ТЕСТ: Коркпоңуз, спойлер жок! "Марвел" тасма ааламы, "Өч алуучулар" жөнүндө эмнелерди билесиз?

 

Учурда дүйнөнүн бардык кинотеатрларында "Өч алуучулардын" финалдык бөлүгү жүрүп жатат. Эгерде сиз "Марвел" тасма ааламына кирген бардык бөлүктөрдү көрүп чыккан эмес болсоңуз, анда "Өч алуучулардын" финалына бекер эле 3 сааттык убактымды короттум деп эсептей бериңиз.

Буга чейинки 22 тасманы көрүп чыкмайынча акыркы финал түшүнүксүз бойдон калмакчы. Ал эми төмөндө түзүлгөн тест жана анда жазылган туура жооптордун түшүндүрмөлөрү сизге бир аз да болсо жардам берип, "Марвел" тасма ааламы боюнча билимиңизди сыноого жардам берет. Акыркы финалга карата спойлер жок, коркпой өтө бериңиз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Таностун чексиздик таштарын чогултуусунун максаты эмне болгон?

"Өч алуучулар: Чексиздик согушу" тасмасында Танос ааламда адамдардын саны көбөйүп кеткендиктен, ресурстар коромжу пайдаланылып, тең салмаксыздык жаралды деген ойго келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн тирүү жандыктардын жарымын жок кылууну максат кылып, ал үчүн 6 чексиздик таштарын чогултат.

Кийинки суроо


Чогултуп алып беш таш ойнойт
Адамдар жашаган – Жерди басып алуу үчүн
Ааламда баланс сактоо үчүн тирүү жандыктардын жарымын жок кылуу үчүн
Ааламдагы бардык тирүү жандыктарды өзүнө баш ийдирүү үчүн

Таностун бакма кыздары кимдер?

Танос жок кылуу максатында барган планеталардын бири Зен-Хоберис. Ал жактын элин кырып жатып, тайманбас кичинекей Гамораны кезиктирет. Анын коркпогон мүнөзүнө кызыгып, өзү менен кошо алып кетет. Лифомоиддердин үй-бүлөсүн жок кылганы келген Танос ал жактан да Небуланы жалгыз тирүү алып калып багып алат. Гамора менен Небуладан киши өлтүргүч жоокерлерди даярдап жатып, Небуланы кибернетикалык протезге чулгайт.

Кийинки суроо


Наташа жана Ванда
Гамора жана Небула
Шури жана Кэрол Дэнверс
Жейн Фостер жана Пеппер Потс

Доктор Стрэндж сыйкырчылык өнөрүн каяктан үйрөнөт?

Доктор Стрэндж дасыккан хирург, башкалар айыкпайт деп тыянак чыгарып койгон оор операцияларды жасаган дарыгер болот. Ал жол кырсыгына кабылып, колдору калтырап, операция жасоого жараксыз болуп калат. Дарттан айыгуунун айласын издеп Камар-Тадж үйүнө барат. Ал жактан байыркы устаттан сыйкырчылык өнөрүн үйрөнүп, "убакыт" ташына ээ болот.

Кийинки суроо


Асгард
Башынан эле сыйкырчы күчкө ээ болгон
Хирург кесибин аркалап жүргөндө
Камар-Тадж үйүнөн үйрөнгөн

“Өч алуучулар” тасмасынын финалдык 4-бөлүгү чыкканга чейин кайсы тасма жарык көргөн?

“Капитан Марвел” тасмасы "Марвелдин" тасма ааламындагы 21-кино. Ал 2019-жылдын 7-мартында чыккан.

Кийинки суроо


“Кумурска адам жана аары”
“Жөргөмүш адам. Үйдөн ыраак”
“Кара Пантера”
“Капитан Марвел”

Тордун мекени...

Асгард - асгард эли байырлаган 9 дүйнөнүн бири. Ал кичинекей планетардык тело. Асгардды башында Бёр, андан кийин анын баласы Один башкарган. Одиндин балдары Тор, багып алган баласы Локи жана кызы терс каарман Хела Одинсдоттир.

Кийинки суроо


Асгард
Йотунхейм
Нидавеллир
Ванахейм

“Аалам сакчылары” (“Стражи галактики”) тасмасындагы Питер Квилдин сүйүктүү буюму эмне?

Питер Квилдин баарынан жакшы көргөн жана эч кимдин колун тийгизбеген буюму - музыка уккан аудиоплеери. Питердин апасы рак дартына чалдыгып, каза болордун алдында өзү жаш кезинде угуп жүргөн ырлар жыйнагын калтырып кетет. Ошол себептен, Квил үчүн анын аудиоплеери жана ырлар жыйнагы абдан баалуу саналат.

Кийинки суроо


Бет кап
Учкан бут кийим
Плеер
Кур

Супер баатырлардан куралган “Өч алуучуларды” түзүү кимдин идеясы болгон?

"Капитан Марвел" тасмасын көргөн болсоңуз, Щ.И.Т. уюмуна жаңы ишке орношкон Ник Фьюри дүйнөгө коркунуч жаралган учурда андан коргоо үчүн кандай чара көрүү керек экенин ойлонуп, план түзөт. Пландарынын биринде өзгөчө күчтөргө ээ адамдарды бир отрядга чогултуу идеясы болгон. Бул демилге "Өч алуучулар" деген ат менен ишке ашат.

Кийинки суроо


“Темир киши” Тони Старк
Щ.И.Т уюмунун директору Ник Фьюри
Капитан Америка Стив Роджерс
ГИДРА уюмунун башчысы “Кызыл баш сөөк” Иоганн Шмидт

Капитан Америка – Стив Роджерстин калканы жасалган металл эмне деп аталат?

Вибраниум металлы бир гана Ваканда өлкөсүндө өндүрүлөт. Ал эми супер жоокер Стив Роджерске аны "Темир киши" Тони Старктын атасы жасап берген. Тасмада вибраниум абдан катуу металл, вибрацияга туруштук берген, согуштук куралдарды жасоого бышык келет деп сүрөттөлөт. Стивдин калканы бумеранг куралына окшош - аны кайда ыргытса кайра өзүнө кайтып келе берет.

Кийинки суроо


Уру
Адамантий
Вибраниум
Терриген

Тони Старктын ата-энесин ким өлтүргөн?

"Марвелдин" тасмалар ааламынын баш жагындагы бөлүктөрүндө Тони Старктын ата-энеси эмне болуп өлгөнү айтылганы менен, алардын өлүмүнө ким себепкер экени ачыкталбайт. Бул сыр "Капитан Америка: Каршы туруу" тасмасынын 3-бөлүгүндө белгилүү болот. Супер жоокер даярдоо үчүн иштеп чыккан дарыны окумуштуу Говард Старк аялы Мария менен алып кетип баратканда "Кышкы жоокер" Баки Барнс ГИДРА тарабынан жиберилип, аларды өлтүрөт.

Кийинки суроо


Бакки Барнс “Кышкы жоокер”
Олдрич Киллиан “Мандарин”
Обадая Стейн “Темир көпөс”
Иван Ванко “Камчы”

“Марвел” тасма ааламында чексиздик таштарынан (Камни бесконечности) канчоо көрсөтүлөт?

"Марвелдин" тасма ааламында чексиздик таштарынан алтоо көргөзүлөт. Алгач ааламда боштук болгон, андан кийин бум! Жарылуу болуп, андан соң космос 6 куймага бөлүнөт. Алар: мейкиндик, реалдуулук, күч, жан, акыл жана убакыт. Аталган таштар бир жерге чогулганда эбегейсиз зор күч пайда болот.

Кийинки суроо


5
8
6
4

Супер жоокер – "Капитан Америка" Стив Роджерске кубат берүүчү атайын дары сайылат. Ал дары дагы кимге сайылып, андан каардуу терс каарман жаралат?

"Капитан Америка" Стив Роджерске кубат берүүчү атайын дары сайылат. Ал дары адамдын жан дүйнөсүндө эмне болсо, ошону өнүктүрөт. Стив Роджерсте гумандуулук, адамгерчиликтүүлүк, жана адамга мүнөздүү жакшы сапаттар бар болгондуктан татыктуу жоокер чыгат. Ал эми Иоганн Шмидт тескерисинче жаман каарман болгондуктан ал терс мүнөздөргө ээ адам болуп чыгат. Ага дары тескери таасирин берип, териси кызарып, башынын баш сөөгү эле калат.

Кийинки суроо


Бакки Барнс “Кышкы жоокер”
“Кызыл баш сөөк” Иоганн Шмидт
Танос
Эмиль Блонски

“Капитан Америка. Жарандык согуш” тасмасынын үчүнчү бөлүгүндө “Өч алуучулардын” эки жаатка бөлүнүп согушушуна эмне себеп болот?

Дүйнө жүзүндө бир нече согуш, кыйроолор, космостук күчтөрдүн чабуулу, Нью-Йорк шаарына Читаури аскерлеринин кол салуусу, Африкадагы жарылуудан улам адамдардын жана Т'Чалланын атасынын өлүмү, Заковиядагы кыргын... Мунун баарында адам өмүрлөрү кыйылгандыктан, эл аралык уюмдар БУУга кайрылып, "Өч алуучуларды" бийликтин башкаруусуна өткөрүүнү сурашат. Мындан улам Заковия келишими түзүлүп, "Өч алуучулардын" жарымы ага каршы чыгып, эки жаатка бөлүнүп кетишет.

Кийинки суроо


Тони Старктын ата-энесинин өлүмү
Халктын өз күчүн өзү башкара албай калышы
Өзгөчө күчкө ээ адамдарды жана “Өч алуучуларды” көзөмөлдөй турган БУУ тарабынан түзүлгөн Заковия келишими
Тордун бир тууганы Локи эки жаатка бөлүп уруштурат

Халкка айланып кеткен окумуштуунун аты ким?

Роберт Брюс Беннер - биохимия, ядерлик физика жана гамма-нурдануу жаатындагы аты чыккан окумуштуу. Анын Стив Роджерске сайылган "Супер жоокер" дарысын кайра иштеп чыгуу иши ийгиликсиз аяктап калат. Ал вита-нурдануунун ордуна гамма-нурдануу ыкмасын колдонот. Жыйынтыгында Беннер эбегейсиз күчкө ээ, териси калың жашыл Халкка айланып кетет.

Кийинки суроо


Брюс Беннер
Тони Старк
Хэнк Пим
Говард Старк

Тони Старк – “Темир кишинин” атасы ким?

Тони Старктын атасы Говард Энтони Уолтер Старк - окумуштуу, ойлоп табуучу, инженер, кинорежиссёр, бизнесмен жана Stark Industries компаниясынын негиздөөчүсү.

Кийинки суроо


Один
Танос
Говард
Хенк

“Жөргөмүш адам” Питер Паркердин устаты ким?

Питер Бенджамин Паркер 2001-жылы төрөлгөн. Питер кичинекей кезинде ата-энеси каза болуп калып, аны туугандарынын бири Мэй багып алат. Ал чоңоюп илим жана техника багытындагы Мидтаун мектебинде окуйт. Ал жөргөмүштүкүндөй желе жасап чыгып, муну жашырганына карабай Тони Старк билет. Старк Паркерди "Өч алуучулардын" жарандык согушуна катышууга үндөп, ал жактан жаңы технология менен жабдылган костюмга ээ кылат.

Кийинки суроо


Тони Старк
Хэнк Пим
Йонду Удонта
Питер Квил

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
03.05.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
67
03.05.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жалан фантастика кинолор экен биринда таппадым.
03.05.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Беш таш ойнойт дегени ха ха экен
03.05.2019. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
87 22кинонун баарын көрүп чыкканмын
03.05.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
27 биринда коргон эмесмин.
04.05.2019. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эки балык суу ичти кылсам, 40 балл болду
04.05.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
100. Манас жонундо мынчалык билбейм го уят эле. Акыркы суроодогу чогултуп алып беш таш ойнойт деген вариант жакты
04.05.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
100%
05.05.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
94
06.05.2019. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
супер кж бул тести кечее эле койбодунар беле
06.05.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Wibee, ооба.
06.05.2019. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
95
06.05.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне эле минус кое бересинер .
12.05.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100%
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: