super.kg logo

SUPER TV: Тагдыр. “Жигитимдин ата-энеси менен таанышарда кырсыкка кабылдык. Ал каза болду, мен баспай калдым”

 

SUPER TV`га 27 жаштагы Нуржан Абаева аттуу каармандын тагдыры тууралуу даярдалган видео жарыяланды. Анын жашоосу акыркы 8 жылдан бери төрт дубалдын ортосунда өтүүдө. Ал 2011-жылы автокырсыкка кабылып, бир эле учурда сүйүктүү адамынан жана басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Ошондон бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында бутка туруу деген тилек, кыял менен жашап келет.

"Жигитим экөөбүз досторубуз менен бирге эс алууга баралы деп сүйлөшкөнбүз. Бирок апам, түгөйүм (ред. Нуржан Абаева эгиздин түгөйү) каршы болушту. Мен аларды укпай эле жолго чыгып кеттим. Анткени жигитим ата-энеси менен да тааныштыра келмек. Бирок жолдон айдоочу уктап кетип, автокырсыкка кабылдык. Сүйүктүүм каза болуп, мен баспай калдым. Балким ошондо апамды угуп, жолго чыкпасак мындай болбойт беле деп азыркыга чейин өкүнөм", - дейт ал.

"Мен дагы эл катары бутка туруп, эне бактысына ээ болгум келет" деген каарманыбыз дарыгерлердин кароосуна муктаж. Анын баяны менен таанышып, жардам берүүнү кааласаңыз төмөндөгү видеого баш багыңыз.






Тагдыр. “Жигитимдин ата-энеси менен таанышарда кырсыкка кабылдык. Ал каза болду, мен баспай калдым”

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.05.2019. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес кылган экенсин да
SUPER.KG видео
03.05.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген тагдыр откон ишке окунгонунуз менен эч кандай пайда жок ал мезгил отуп кетти.Келечекке жакшы максат кылыныз баары жакшы болот.Аллахтан умутунузду узбонуз сиз кыялданган нерселер созсуз орундалат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: