Billboard жыл мыктыларын аныктады: Ариана Гранде "Мыкты ырчы", түштүк кореялык BTS "Мыкты топ" болду
Жыл мыктыларын сыйлоо аземи Лас-Вегас шаарында өттү.


Жыл мыктыларын сыйлоо аземи Лас-Вегас шаарында өттү.

Ырчы Ариана Гранде.

Канадалык рэп аткаруучу Дрейк.

Түштүк кореялык BTS тобу.

Ырчы Карди Би.

Ырчы Мэрайя Кэри.
АКШдагы MGM Grand Garden Arena стадионунда Billboard Music Awards сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул жылы сахнада Тейлор Свифт, Мэрайя Кэри, Ариана Гранде, ага-ини Жонастар, Мадонна, түштүк кореялык BTS тобу хит ырларын аткарышты.
Анда "Мыкты ырчы айым" наамын Ариана Гранде утуп алса, түштүк кореялык BTS "Мыкты топ" наамын жеңип алышты.
Ал эми "Жылдын артисти", "Мыкты ырчы мырза" наамын канадалык рэп ырчысы Дрейк жеңип алды. Жалпысынан музыкант 17 наамга көрсөтүлүп, анын 12синде жеңүүчү аталды. Муну менен ырчы 27 статуэткага ээ болуп, рекорд койду.
Мындан сырткары "Мыкты рэп аткаруучу айым" наамын утуп алган Карди Би дагы 12 номинацияда жеңүүчү аталды. Ал эми ырчы Мэрайя Кэри "Икона" наамына татыктуу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.