Ырчы Бурул Арунова: "Жолдошум артымдан 2 жыл чуркады"
Ырчы, музыка сабагынан мугалим Бурул Арунова турмушка чыгып, ак жоолук салынды. Ырчы айым жолдошун 2 жыл сынаганын SUPER.KG порталына айтып, буларга токтолду.
"Жолдошумдун аты Эрнис, Кочкор районунан болот. Жашыбыз тең. Экөөбүз таанышкандан кийин Эрнис 2 жыл артымдан чуркады. Башында маани берген эмесмин. Сүйүүсүн арнап, өзүнүн жакшы сапаттары менен жүрөгүмдү багындырып алды. Биздин мамиле тойго жетип, 25-апрелде кыргыздын каада-салты менен кыз узатуу тоюм болду. Ал эми 2-майда Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт тоюбуз туугандарыбыздын, кесиптештерибиздин, жакын санаалаштарыбыздын курчоосунда өттү", - дейт ал.
Бурул Арунова атасы менен жолдошунун ысымдары окшош экенин кошумчалады.
Ырчы 1989-жылы 16-сентябрда Чүй облусунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган. Анын репертуарында "Мендеги ыйык махабат", "Керексиң", "Өзүңө гана", "Бийге чакырам" жана башка ырлары бар.


Дос кызы экөөнүн бир салондон чыкканы көрүнүп турат, инкубатор тоокторго окшоп калыптыр.